Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:40

ТАБЫШМАКТУУ ООРУНУН СЫРЫ ТАБЫЛА ЭЛЕК


Чеченстандын чыгыш районунда табышмактуу илдет жайылды. Жүздөн ашуун киши - алардын көбү мектеп окуучулары,негизинен кыздар - ооруканага жаткырылды. Баары тең деми буулуп,окшуп,эстен танып каларын айтышат. Айрымдары атүгүл жин тийгендей делөөрүп кеткен учурлар болгонун дарыгерлер ырасташты. Ырасмий кээ бир өкүлдөр муну ууктуруучу газдан болушу мүмкүн деп болжошот. Бирок адистер азырынча мындай дегенге жетишерлик негиз жок экенин айтышууда.

Жергиликтүү тургундардын бири Ажан Асхабова кызы мектепте капыстан эле мурдуна ачуу бир ис уруп, көңүлү айланып, окшуп жатып, эстен танып жыгылганын айтат. Ал эми Жарадат Дотуева болсо ооруканага уулун өзү алып келди. Баласы мектептен өң алеттен кетип, абдан кыйналып келген экен. Балдардын баары башы айланып, окшуп жатат деп айтыптыр. Өзү да чыйрыгып,үшүп турам дегенинен жылуу төшөнчү менен ороп-жаап койгон соң, биртке эс ала түшкөн дейт. Бирок көп өтпөй кайрадан кусуп, ысытмалап чыкканда Жарадат уулун доктурларга апкелсе, аерде баласынын жыйырмадай классташы жаткан экен. "Өңчөй кыздар,балдардан жалгыз менин уулум",- дейт Жарадат.
Табышмактуу бул илдет соңку күндөрү Грозныйда, Ахчой-Мартан районундагы кыштактардын биринде катталды. Бирок анын очогу деп Шелков районунун айтып жатышат. Район башчысы Хусейн Нутаев балдардын баары газга ууккан болуу керек деп түкшөмөлдөйт. Бирок республиканын саламаттык сактоо министринин орунбасары Султан Алимхажиев мындай божомолду ырастаган далилдер али жоктугун айтып, илдеттин түпкү себебин согуштун салдары менен түшүндүрдү. Ооруканага түшкөндөрдүн дээрлик көпчүлүгү кыздар экенин,алар болсо 12-15 жаш ортосунда уруш-жаңжалдан психологиялык жактан көп жабыркай турганын айтып, Алимхожаев муну америкалык адистердин эмгектери менен негиздегенге аракеттенди.
Ал эми Нью-Йорктогу медицина университетинин профессору Марк Сигэль болсо медицинада дегеле мындай теория жок экенин билдирди. Бу илдеттин белгилерине караганда,америкалык профессордун айтымында, окуучулар сымап заарына кабылган түрү бар. "Муну адатта минамата деп коет. Сымап заарына ууланган кезде адам көңүлү айнып, кусат, атүгүл жөөлүй баштайт. Сыягы,бул илдет мектепке жакын жердеги химиялык ишканадан же бир таштандыдан тараган болуу керек,чечен жеринде муну толук мүмкүн дешке болот",-дейт америкалык профессор.
Республиканын башкы наркологу Муса Далсаев оорунун докторлор күбө болуп жаткан клиникалык көрүнүштөрү уулануунун же башка бир сырткы булактардан жуккан илдеттин бир да түрүнө окшошпой турганын, алардын баары медициналык адабиятта социогения деп аталган көрүнүшкө ылайы келерин билдирди. "Анын үстүнө тандагансып жалаң кыздарга гана таасир тийгизе турган биологиялык активдүү зат же уу дегеле табиятта жок",- деп кошумчалады башкы нарколог.
Адистер ноокастардан кан алып,аларды анализден өткөргөнү Москвадагы медициналык атайын борборго жөнөтүштү. Анын жыйынтыктары алдыдагы дүйшөмбүдө гана белгилүү болушу мүмкүн. Ага чейин оорунун очогу катталган райондогу мектептердин баары жабылды. Орус президенти Путин капыстан чыккан бул илдетке байланыштуу чечен бийликтерине көмөктөшүү үчүн Грозныйга финансылык каражат бөлүүнү табыштады.

XS
SM
MD
LG