Канаттуунун сасык тумоосу илдети алгач чыккан өлкөлөрдүн бири болгон Вьетнамда, маселен, дарыгерлер 13 жана 18 жаштагы эки кыздын өмүрүн сактап калуу үчүн "Тамифлу" дарысын жетиштүү дозада беришкен экен. Бирок бейтаптардын абалы бир нече күнгө гана жакшырып, кайра начарлап, акырында жарык дүйнө менен кош айтышкан. "Жаңы Англиянын медициналык журналы" басылмасында жарыяланган маалыматка караганда, бул жерде канатуунун сасык тумоосу илдетинин H5 N1 вирусунан мерт болгон сегиз адамдын төртөөсү дарылоодо ошол "Тамифлу" дарысы колдонулганына карабай, айыгышкан эмес. Бул адистердин пикиринде, H5 N1 вирусунун туруктуулугу күчөп, буга чейин эффективдүү деп эсептелген дары- дармектин бирине моюн бербей калганын каңкуулоодо. Нью-Йорктогу Корнелл университетинин медициналык колледжинде микробиология жана иммунология боюнча адис, доктор Анна Москонанын пикиринде, "Жаңы Англиянын медициналык журналында" жарыяланган иликтөөнүн жыйынтыгы чоочутарлык:
-Илимий – медициналык журналдын Вьетнамда эки бейтаптын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогондугу жөнүндөгү маалыматты кооптондурарлык дегенден башкача атоого болбойт. Алар "Тамифлу" препаратынын толук дозасын алышкан, бирок бул эки учурда вирус өнүгүп, дарыга туруштук берчидей деңгээлге көтөрүлгөн.
Адис кошумчалагандай, маселен, өкмөттөр үчүн "Тамифлу" дарысынын стратегиялык корун жыйноо туура кадамдыр, бирок жеке адамдар мындайга барбай эле койгону оң. Канаттуунун сасык тумоосу жана Вич -инфекция өңдүү вирустардын күчөп кетүүсүн алдын алуунун эң туура жолу – дарыланууну эрте баштоо жана толук курстан өтүү. Себеби проблема - адамдар дарыны толук дозада ичпей, вирустун аман калып, мутациялануусуна мүмкүндүк бергенде башталат:
-Канаттуунун сасык тумоосунуку өңдүү вирустар тез өзгөрөт. Алардын гени дайыма мутацияланып турат. Эгер ошол өзгөрүүлөр вирустун бирин "Тамифлу" дарысына туруштук бергидей абалга жеткирсе, ошол каршылык көргөзгөн вирус баарын басып өтүп, эң башкы вируска айланат.
Канаттуунун сасык тумоосу илдетинин вирусун буга чейин Азия өлкөлөрүнөн 139 адам жуктуруп алган. Дүйнөлүк Салматтыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, алардын 70тен ашууну көз жумду. Азыркы түрүндө ал адамдарга тез эле жукпайт. Илдетке чалдыккандар оорулуу канатууларга жакындан аралашып жүргөндөр деп эсептелүүдө. Бирок окумуштуулар H5 N1 вирусу мутацияланып, адамдан – адамга жугуучу формага өтсө, анда дүйнөлүк пандемия жаралышы мүмкүн деп кооптонушат.