Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Төрт өзбек качкынынын тагдыры кандай болот?


БИШКЕК. Келээрки жылдын январь айында «Адилет» укук коргоо уюму 4 өзбек качкынына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечимине карата аппелляциялык арызын Жогорку Сотко жолдойт. 13-декабрда шаардык сот Бишкек район аралык сотунун 4өзбек бозгунуна качкын статусун ыйгарбоо жөнүндөгү тышкы иштер министрлигинин алдындагы мурдагы миграциялык кызматынын тыянагы негизсиз деген чечимин жокко чыгарган.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясы июнь айынан бери Ош шаарындагы убактылуу абакта кармалып турган 4 өзбек качкыны Өзбекстанга өткөрүлүп берилбеши керек деген тынчсыздануусу айтылган билдирүү таратты. Качкындарга байланыштуу Коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов: «Эл аралык милдеттенмелерибизге ылайык, өзбек качкындарын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө биздин эч кандай укугубуз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жок. Биздин бийлик бул маселени чечүүдө качкындар жөнүндөгү эл аралык мыйзамдарды сактоого тийиш», - деди Э. Байсалов.

XS
SM
MD
LG