Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

РОССИЯ КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНЫН АБАЛЫН ЖЕҢИЛДЕТЕТ


Төрөкул Дооров, Москва. Бүгүн, 23-декабрда, Орусиянын парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, Мамдума, «Эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо боюнча Кыргызстан менен Орусия ортосунда кабыл алынган протоколду» ратификациялады. Эми ага ылайык, Кыргызстандын жарандарын жумушка алууну каалаган орусиялык ишканаларга бир топ жеңилдиктер берилет.

Акылбек 31 жашта. Ал бир канча айдан бери Москванын борбордук райондорунун биринде «дворник» болуп иштеп жүрөт, башкача айтканда көчө тазалайт. Анын иши жайында оор деле эмес. Көчөнү шыпырып койот - болду. Азыр болсо, кышкысын, жумуш кычаган учур. Москвада 20 сантиметр кар жаап салган. Борбордо кыймыл күч, тезинен көчөлөрдү кардан тазалаш керек.

- Ишибиз азыр аябай көп. Кар катуу жаап, азыр түнкүсүн саат экилерге чейин иштеп жатабыз. Мен үй-бүлөмдү да алып келип алгам. Балдарым үйдө, аялым болсо имараттардын ичин тазалайт, а мен сыртта көчөлөрдү тазалайт.

Акылбек эртеден кечке көчө тазалап жүргөндүктөн, үйдө радио угуп, же сыналгы көрүүгө деле убактысы болгон жок. Ошондуктан жума күнү Мамдума кыргыз мигранттарына тиешелүү документти жактырганын менден укту.

- Менимче, эми бул жаңылык бизге көп эле жеңилдиктер болот дегенди түшүндүрсө керек. Эми билебиз го дейм. Мен өзүм Москвага келгениме төрт ай болуп калды. Азыр «дворник» болуп иштеп жатам. Бул жакта кыргыз «дворниктери» көп. Азыр эми эки күндөн бери кар токтобой эле жаап жатат, биздин бүт көчө тазалачу кыргыз мигранттар азыр Москванын баардык райондорунда иштеп жатышат. Аялдар кафелерде иштешет, эркектер көчө тазалашат.

Акылбек, ошентип, Москвада иштөө ага жана башка кыргызстандык мигранттарга кичине болсо да жеңилдик берет ко деп ойлоп жатат. Бул протокол чынында канчалык деңгээлде кыргызстандык мигранттардын социалдык абалын жакшырта ала турганын билүү максатында Кыргызстандын миграция боюнча Мамлекеттик комитетинин Москвадагы өкүлү Тажимамат Шаболотовко кайрылдык.

- Бул протокол жөнөкөй мигрантка берчү жеңилдик катарында аны жумушка алып жаткан тарап эми мурдагыдай кошумча чыгаша кетирбей турганын айтса болот. Мурда, мисалы, кыргызстандык мигрантты кайсыл бир ишкана ишке алса, кийин аны жумуштан чыккандан кийин үйүнө кетиши үчүн да акча бөлүп коюуга тийиш болчу. Эми ишканалар бул милдеттен арылышат. Мунун мааниси – орусиялык компаниялар эми кыргызстандык мигранттардын жумушка алууга аракет кылышат дегенди билдирет, - деди Кыргызстандын миграция боюнча комитетинин Москвадагы өкүлү Тажимамат Шаболотов.

Ушул эле күнү Мамдума Орусия менен Тажикстан ортосундагы мигранттардын абалы боюнча да келишимди жактырды. Эми ага ылайык, тажикстандык мигранттардын Орусиянын аймагында ишмердүүлүгү да жеңилдеши күтүлөт. Тажик жана орус бийликтери бул келишимге былтыры октябрда жетишкен эле.

XS
SM
MD
LG