Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

ПАСПОРТ КӨЙГӨЙҮ ЖАКЫН АРАДА ЧЕЧИЛЕБИ?


Жаңы жылдан тарта паспорт көйгөйүн тартып келген жарандардын баарынын маселеси чечилет. Ички иштер министринин маалыматы боюнча, паспортко муктаж атуулдарды толук камсыздоого жетишээрлик өлчөмдө Молдованын «Регистру» компаниясы тарабынан чыгарылган паспорттор бар. Бирок кыргыз өкмөтү менен Түштүк Кореянын Venture C&G Plaza компаниясынын чыры аягына чыга элек. Айрым пикирлер боюнча, бул чырга мурунку жана азыркы бийликтин тиешеси бар.

Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча улуттук агенттик билдиргендей, ушул тапта пасспортко өтө муктаж жарандарга паспорт бериле баштады. Ал эми жаңы жылдан тарта жалпы эле паспорт көйгөйү чечилмекчи. Ички иштер министри Мурат Суталиновдун айтымында, паспорт муктаждыгын тез арада чечүү тууралуу өкмөт башчы атайын буйрук берди:

- Бул маселе боюнча мен премьер-министрден атайын буйрук алдым. Биздин паспорт берүүчү мекемелерибиз да ишке киришүүгө толук даяр. Менин билишимче, азырынча бизге керектүү өлчөмдөгү паспорттор маалыматтык технологиялар жана ресурсатар боюнча улуттук агенттикте даяр турат. Мындан тышкары дагы чыгарылат. Ошондуктан, паспорт боюнча маселе толук чечилет деп ойлойм.

Өткөн жылы жазында паспорт чыгаруу боюнча долбоорго жарыяланган тендерди Молдованын «Регистру» компаниясы утуп алып, Кыргызстандын атуулдары үчүн паспортторду чыгарууга киришкен эле. Бирок үстүбүздөгү жылы тендерди утуп алууда Кыргызстандын мыйзамдары одоно бузулган деген айып менен жаңы өкмөт мурдакы өкмөттүн буйругун жокко чыгарган. Ал эми жаңыдан түзүлгөн тендердик комиссия үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында паспорт чыгаруу боюнча Түштүк Кореянын Venture C&C Plasa компаниясына ишеним көрсөтүп, келишимге кол коюшкан. Бирок кореялык компания келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыктан, маалыматтык технологиялар жана ресурстар улуттук агенттиги кайрадан Молдованын “Регистру” компаниясы менен иштеше баштады. Ал эми Түштүк Кореянын Venture C&C Plasa компаниясы келишимди одоно бузду деген доо менен кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берүүгө даярданып жаткандыгын маалымдаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев кыргыз өкмөтүнүн айланып келип эле кайра мурунку компания менен иштешип жаткандыгына коррупция күнөөлүү деген пикирин билдирди. Өткөн жылы мурунку өкмөт менен Молдованын «Регистру» компаниясынын ортосунда паспорт тууралуу келишим түзүлгөндө эле ошол убактагы парламент буга каршылыгын билдирген. Депутат Темир Сариев учурда өкмөт курамында жүргөн мурдагы депутаттар эмнеликтен буга кайдыгер болуп жаткандыгы түшүнүксүз деген ойдо:

- Мени таң калтырган дагы бир нерсе: ошол убакта депутат катары паспорт маселесин көтөрүп чыккан айрым адамдар бүгүн министрликтерде иштеп жатышат. Эмне үчүн алар өкмөт мүчөсү болуп туруп, бул маселени көтөрбөйт, буга өздөрүнүн пикирин билдирбегени таң калычтуу…

Мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева 22-декабрда «Лица» гезитине берген маегинде түштүк кореялык компания кыргыз өкмөтүн сотко берсе, өкмөт 50 млн. еврого доого жыгылып калуусу мүмкүн деп айткан эле. Бирок ЖК депутаты Марат Султанов аталган компания кыргыз өкмөтүн жоопко тарта албайт деген пикирин билдирди:

- Түштүк кореялык компания кыргыз өкмөтүн 50 млн. евро доого жыгалбайт. Себеби аларда дагы мыйзам бузуулар бар. Алар дагы келишимде айтылган талаптарды аткарышпаган. Ошондуктан, биздин өкмөттүн эки фирманын кайсынысы болбосун, соттошууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Марат мырза паспорт маселесинин мынчалык чыңалып кетүүсүнө андан пайда көрүүнү көздөгөн чиновниктер жана ошол компаниялардын өздөрү күнөөлүү деген пикирде.

Жакын арада паспорт маселеси боюнча парламент атайын талкуу өткөрүүгө даярданууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG