Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ.


Кеткен жумада мамлекеттик залкар ишмер Искак Раззаковдун 95 жылдык мааракеси белгиленди. Улуттук опера жана балет театрында атактуу ырчы Болот Миңжылкиевдин эскерүү кечеси өттү. Мамлекеттик тарых музейинде “Айкөл Манас” китебинин бет ачары болду.

Аптанын башында мамлекеттик залкар ишмер Искак Раззаковдун 95 жылдык мааракеси белгиленди. Анын алкагында Искак Раззаковдун үй музейи ачылды. Бул иш чаранын улуттук опера жана балет театрында өткөн салтанаттуу бөлүгүндө Президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, чыгаан инсандын бир гана Кыргызстандын эмес өзбек элинин да билим, илим, маданият жана экономика тармагынынын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп өттү.
Искак Раззаков Кыргызстанда жетекчи болуп турганда өлкөдө бир катар өнөр жай ишканалары курулган. Маданият министри Султан Раев өз сөзүндө залкар ишмердин эл-журтуна жасаган эмгектеринин маанисин бийик баалады.

-Искак Раззаков кыргыз тарыхында улуу реформатор, улуу агартуучу, улуу саясатчы катары ысымы калды. Кыргыз эли триумф менен трагедиянын эки бирикпеген жерде жашап өткөн Искак Раззаковду улуттун улуттук намысы катары баалап келет.
Искак Раззаков биринчи катчылыктан бошотулгандан кийин куугунтукка алынып, өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин Москвада жашаган. Маркумдун сөөгү 2000-жылы гана Кыргызстанга алынып келинип, Алаарча көрүстөнүнө коюлган.

Атактуу ырчы Болот Миңжилкиевди эскерүү кечеси шейшембиде улуттук опера жана балет театрында өттү. Кечеде кесиптештери, шакирттери маркум ырдаган ырлардан ошондой эле ал ойногон спектаклдерден үзүндүлөрдү көрсөтүштү. Болот Миңжилкиев менен бала чагынан чогуу өскөн кесиптеши Эркин Касымов анын чыгармачылыгы туурасында буларды эскерет:

-Болот Миңжылкиев менен отуз жыл чогуу иштедик. Көп концертти бир бердик. Союздун баарын чогуу гастролдоп кыдырдык. Болот романстарды биринчи өзү ырдап, анан бизге үйрөтчү.

-70-80-жылдардагы кыргыз музыка өнөрүнүн жетишкендиктери Болот Миңжылкиевдин талантына жана анын чыгармачылыгына байланыштуу болгон.
Чынын айтканда мамлекеттик дэңгээлде белгилениш керек эле. Ушул убакытка чейин андай жышаан байкалбагандан кийин биз өзүбүз өткөрөлү деп чечтик,-
опера жана балет театрынын жетекчиси Тимур Саламатов.
Анын айтымында улуттук консерваторияга Болот Миңжылкиевдин ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлүп, учурда бул маселе туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Айкөл Манас” китебинин бет ачары бейшембиде Мамлекеттик тарых музейинде болду. Китептин мазмуну туурасында анын жазылышына себепкер болгон Бүбү Мариям Муса кызынын айтымында бул китеп абалтадан келе жаткан кыргыз элинин үрп-адат, салт-санаасын чагылдырган дастан.
Китепти чыгарууга көмөктөшкөн кинорежисер Эрнист Абдыжапаровдун айтымында биринчи китеп Шарыпкул Эсенгул уулунун авторлугунда “Жайсаң” деген ат менен чыккан. Экинчи китеп Жайсаң Үмөт уулунун авторлугунда “Айкөл Манас” деген ат менен чыккан. Бүбү Мариям Муса кызы Манастын кырк чоролорунун бири Жайсаң Үмөт уулу менен транс абалында сүйлөшүп, маалымат алып, андан соң анын айткандарын кагазга түшүргөн.

Бул китептин айланасында ар түрдүү көз караштар орун алууда. Бир катар окумуштуулар бул китепти Манас жөнүндө көркөм дастан катары кабыл алууга каршы болушууда. Мисалы, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корресонденти Райиса Кыдырбаеванын пикиринде бул китепти илимий чөйрө кабыл албайт:

- Мен буга таптакыр каршымын. Илимий чөйрө таптакыр кабыл албайт. Бул жөн эле өздөрүнүн кызыкчылыгынын артында чыгарылган китеп.

Сөз болуп жаткан китеп 500 нускада чыккан. Жакында дагы 5 миң нускада басылып чыгарылмачкы..

Жекшембиде “Айтыш”, “Манас мурас” “Теңир Ордо” коомдук фонддору “Манас-кыргыз улутунун улуу руху” деген темада манасчылардын жаңы жылдык кечесин өткөрдү. Рыспай Исаков, Улан Исмаилов жана Дөөлөт Сыдыков сыяктуу жаңы чыгып келаткан манасчылардын жаңы муунунун өкүлдөрү Манас айтышты.
XS
SM
MD
LG