Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

ӨРТ ӨЧҮРГҮЧТӨР ИШ ТАШТАШТЫ


29-декабрь күнү Жогорку Кеңештин алдында 100 дөн ашуун өрт өчүргүчтөр нааразылык акциясына чыгышты. Алар жыл башынан бери алалбай келишкен тамак-аш үчүн бөлүнүүчү акчаларын төлөп берүүнү жана өрт өчүрүүчүлөрдүн иштөө шартын жакшыртып берүүнү талап кылышууда. Түштөн кийин өрт өчүргүчтөр менен өкмөт башчы Феликс Кулов жана каржы министри Акылбек Жапаров жолугушту.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын маалыматы боюнча, эки күндөн бери Бишкек шаардык өрттөн сактоочу гарнизондун сержанттык курамы жана катардагы кызматкерлери ишке чыгышкан жок. Жогорку кеңештин алдына пикетке чыгышкан өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, 11 айдан бери тамак-аш үчүн бөлүнүүчү каражат берилген эмес, мындан тышкары материалдык жардам, 13-маяна сыяктуу жеңилдиктерди унутушкан. Өрт өчүргүч прапорщик Кадырбек Бейшекеев өкмөт тарабынан өрт өчүрүү тармагына таптакыр көңүл бурулбай калгандыгы иш таштоого мажбурлады дейт:
-Биз бир жыл чыдадык. Биздин тамак-аш үчүн берилүүчү акчадан башка талап кылуучу көп талаптарыбыз бар. Алар тууралуу азырынча унчукпай турабыз.

Кадырбек Бейшекеевдин сөзүн коштогон Мирлан аттуу жигиттин айтымында, өрт өчүргүчтөргө коопсуздук тармагынын кызматкерлери пайдаланчу жеңилдиктер да берилбей калган :

-Төрт-беш жылдан бери материалдык жардам ала элекпиз. Бир аз жеңилдиктер бар эле, аларды да алып салган. Квартал сайын төлөнүүчү жана жыл аягында 13-айлык деп берилүүчү акчалардан да куржалак калганбыз. Дарыланууга каражат бөлүнбөйт, а түгүл өрт өчүрүп жүрүп жаракат алсак да, акысын төлөп дарыланабыз. Өрт учурунда күйүп кеткен аспаптар менен кийимдерди үч эселеп төлөтүп алышат.


Расмий маалымат боюнча,өрт өчүрүүчүлөргө бир айда тамак-аш үчүн 1050 сом бөлүнөт. Жыл башынан бери төлөнбөгөн акчанын жалпы суммасы 16 млн сомго чаап кеткен. Кылычбек аттуу өрт өчүрүүчү иш таштоо мезгилинде кокусунан шаарда өрт чыкса, өкмөт дагы бир нече миңдеген сомго чыгым болуусу мүмкүн деп айтты.


Түштөн кийин нааразылык акциясынын катышуучулары менен өкмөт башчы Феликс Кулов жана каржы министри Акылбек Жапаров жолугушту. Каржы министри өрт өчүргүчтөргө тамак-аш үчүн берилүүчү акча толук төлөнгөндүгүн, бирок өрт өчүрүүчүлөрдүн арызы боюнча, эсеп палатасынын кызматкерлери менен бирдикте кырдаалды текшерип чыгуу үчүн комиссия түзүлүп жаткандыгын билдирди. Бирок жаалаган өрт өчүрүүчүлөр эч кандай акча алышпагандыгын айтышып, өкмөт башчыдан өрттөн сактоо башкармалыгынын жетекчилигине текшерүү жүргүзүүнү өтүнүштү. Ал эми өкмөт башчы 30-декабрь күнү тиешелүү адамдар менен чогуу бул маселени чечип берүүнү убада кылды:


-Эртең саат бирде силердин жетекчилер, каржы министрлигинин жана эсеп палатасынын өкүлдөрүнөн турган комиссия менен жолугуп, бул маселени чечебиз.


Бирок өрт өчүргүчтөр акчаны толук төлөп бермейин нааразылык акциясын уланта беришерин билдиришти.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG