Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:07

ОРУСИЯ УКРАИНАГА КАРШЫ «ГАЗ СОГУШУН» БАШТАДЫ


Москва жаңы жылдын биринчи күнү Украинага жөнөтүлгөн газды бууп баштады. Орусиянын газ монополисти “Газпром” - Украина 2006-жылга сунуш кылынган финалдык келишимге макул болбогондон улам катаал кадамга барганын билдирди. Орусия-Украина ортосундагы газ чатагынын башаты эмнеде?

Украин тарап “Газпром” сунуш кылган жаңы келишимге 31-декабрдан кечиктирбей кол койсо, 2006-жылдын биринчи кварталында газды эски баасында, 50 доллардан алып турмак. Андан соң 1 миң куб метр газ үчүн 230 доллардан төлөмөк. Жаңы жыл алдында президент Путин шашылыш өкмөттүк жыйын өткөрүп, “Газпромго” ушундай тапшырма берген. Украин жетекчилиги Москванын шартына көнбөдү.

“Газпромдун” өкүлү Сергей Куприянов 1-январда жасаган билдирүүсүндө буларды айткан:

- Азыркы жагдайда биз Украинага жөнөтүлгөн газдын басымын азайтууга мажбур болдук. Бул жагдай Украин тараптын күнөөсү менен түзүлгөнүн белгилей кетейин.

Куприяновдун ырасташынча, газды берүүнү кыскартуу Батышты “көгүлтүр отун” менен камсыздоого таасир этпейт.

Ырасмий Киев атайын билдирүү жасай элек. Бирок Украинанын улуттук мунай-газ бирикмеси - “Нафтогаздын” өкүлү Эдуард Занюк газ куурундагы басымдын төмөндөгөнүн тастыктады.

Украин президенти Виктор Ющенко мурда эле 1 миң куб метр газдын базар баасы Украина үчүн 75-80 доллардан ашпасын, баанын үч эсеге кымбаттоосуна макул болбой жаткан:

- Эмне үчүн Украина 230 доллар төлөш керек? Эмнеге Балтия өлкөлөрү 120 доллар, Беларус 46, 68 доллар, Түркия 100 доллар жана Кавказ республикалары 100- 110 доллар төлөшөт? Украина аталган мамлекеттерге салыштырганда Орусияга жакын жайгашкан го. Орусиядан газ Украинага кыска жол менен келет го. Ошон үчүн, Украина эмне үчүн 230 доллар төлөшү керек?

Президент Путиндин экономика боюнча мурдакы кеңешчиси Андрей Илларионов Орусиянын бул кадамын “Коңшуларга каршы отун-энергия куралдарын пайдалануу” деп мүнөздөгөн.

Орусиянын Украинаны газды кымбат баада алууга мажбурлоосу Евробиримдикти дүрбөлөңгө салды. Уюмдун мүчөлөрү 4-январда Брюсселде кезексиз жыйынга чогулуп, абалды талкуулайт.

Орусия Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр тобунда 1-январдан тартып төрагалык кылат. Талдоочулардын айтымында, Орусиянын төрагалыгы газ кризиси менен коштолгону өлкөнүн саясый аброюна зыян кылбаса, пайда келтирбейт.
XS
SM
MD
LG