Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

ООГАНСТАНДА АЯЛДАРДЫН ТАЛАМЫН ТАЛАШКАН ЖУРНАЛИСТ ШАРТТУУ ТҮРДӨ БОШОТУЛДУ


Чыгыш өлкөлөрүндө аялдардын укугун талашып, абакка түшкөн эркектер сейрек болсо керек. Ал эми айымдар үчүн гезит-журнал чыгарган мырзаларды да күндө эле кезиктире бербейбиз. Ушундан улам, мындай адамдын кечээ эле талибдер басып турган Ооганстанда бар экени бир чети таң калыштуу көрүнөт. Анда исламга шек келтирди деп эки жылга кесилип, эл аралык сөз укугун коргоочу уюмдардын нааразылык билдирүүлөрүнөн кийин өткөн айда эки жылдык түрмө мөөнөтү жарым жылдык шарттуу жаза менен алмаштырылган ооган журналисти Али Мохакек Насаб менен маекти сунуш этебиз. "Хукук-е-Заан", же "Аялдардын укугу" деп аталган журналдын баш редактору менен Гозназ Эсфандияри жүргүзгөн маекти Жаңыл Жусубжан даярдады. Биринчи суроо Насабга коюлган айыптар туурасында болду.

Насаб: Мен Исламга шек келтирди деген айып менен камалгам. Бирок бул шылтоо гана болчу, чындыгында Ооганстандын сыртынан кутум уюштурушту.

СУРОО: Силер өзүңөргө коюлган айыптарды моюнга алган жоксуңарбы?

Насаб: Жок, мен аларды четке кактым. Менин көз карашымда, Исламдан баш тартуу кылмыш эмес. Мен муну диний жана мыйзамдык көз караштан айткам. Буга фактылар бар, окумуштуулардын бир бөлүгү да ушул көз карашты карманышат.

Суроо: Силер бир нече күн мурда түрмөдөн бошонуп чыктыңар. Сот эмне үчүн силерге коюлган айыптарды күчүнөн кетирди?

Насаб: Себеби мага коюлган кинелер, менин күнөөм далилденген жок. Мени эки жылга кескен биринчи өкүм да саясий чечим болчу. Болбосо, эгер мусулманчылыктан чыккан кылмыш экендиги далилденсе, мени мындан да катуу жазага тартышмак. 21-декабрдагы сот ишинде мени актап, чыгарышты.

СУРОО: Силердин камалып, үч ай абакта жатканыңар үчүн кимди күнөөлүү деп ойлойсуңар?

Насаб: Мен чет элдик күчтөрдү жана Ооганстандын ичинде аракеттенген диний экcтремисттерди башкы күнөөкөр деп эсептейм. Ооганстандын хазара элине кастарын тиккендер бар. Мен эч бир саясий уюшмага же партияга кирбейм. Алар мени хазара болгонум үчүн, менин уруум үчүн бутага алышты, анткени хазаралардан эч кимдин өсүп, ийгиликке жетишин көрө алышпайт. Ошондуктан ушундай проблеманы жаратышты.

Суроо: Силердин соттолушуңарга байланыштуу, Ооганстанда сөз эркиндигинин абалында кандай өзгөрүү болот деп ойлойсуңар?

Насиб: Албетте, биз азыр өлкөдө демократия, сөз эркиндиги бар деп жатабыз. Биздин конституциянын 34-беренесинде сөз эркиндигине шек келтирүү тыйю салынат. Бирок демократияны жана сөз эркиндигин ишке ашыруу милдети тапшырылгандар бул жоболорго өздөрү ишенбейт. Ал тургай, ал жоболордун душмандары. Ошондуктан, бизде сөз эркиндиг толук орнобой жатат. Ага чектөөлөр көп. Бирок кудай буюрса, биз бул кыйынчылыктарды аз-аздап жеңиип, сөз эркиндигин колдойбуз.

Суроо: Ооганстанда сөз эркиндигинин башкы душмандары кимдер?

Насаб: Ооганстанда журналисттерге чабуул жасагандар бул реакционерлер жана динди өз куралы катары колдонгондор. 25 жылга созулган осңку жаңжалда алар ар дайым динди өз максаттарында колдонуп келишкен. Азыр да ошондой. Алар сөз эркиндиги, демократия, цивилизация сыяктуу нерселерге каршы. Көбү демократияны өнүктүрүү милдетин аркалаганы менен, деморкатияга ишенишпейт.

СУРОО: Кабулдун түрмөсүндө отурганда эмнени көрүп, билдиңер?

Насаб: Түрмөдө бир катар көйгөйлөр бар. Биринчиден, баңгичилик кеңири жайылган. Тамеки, апийим сыяктуу нерселер бар. Экинчиден айыпкерлерге ыдык көрсөтүшөт, сабашат. Башкаларын орто кылымдардагыдай, буттарын кишендеп коюшкан. Мындай мамилени мыйзамдуу деп да, динге ылайык деп да айта албайбыз. Күнөөсү жок көп адамдар отурушат.
XS
SM
MD
LG