Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

ОРУС-УКРАИНА ГАЗ ЧАТАГЫНАН БАШКА ӨЛКӨЛӨР ДА ЖАПА ЧЕГЕ БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Украинага кошуна Орусиядан келген табигый газдын көлөмү 1-январдан тартып кыскарганы боюнча Европа Биримдиги менен Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги өз тынчсыздануусун билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчылыгынын айтымында, мындай аракет таза экономикалык эмес, саясий кадам жана эки мамлекет ортосундагы мамилелерде экономикалык аракеттер саясий курал катары пайдаланылганы өтө өкүнүчтүү.

Алманиянын канцлери Ангела Меркелдин пикиринде, эки мамлекет ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып, мунаса табылышы керек:
"Орусия менен Украинанын экөөнө тең ылайыктуу келишим жетишилээринен жана, андан тышкары, эки мамлекет ортосундагы жалпы байланыштарда дурус кошуналык мамилелер түзүлөөрүнөн биз үмүттөнөбүз", - деп билдирди Меркел.

АКШ жана Европа Биримдиги Орусия менен Украинанын жетекчилигине кайрылып, мунаса табуу үчүн сүйлөшүү улантууну өтүндү. Украина мурда орусиялык газдын ар бир куб метри үчүн 50 доллар төлөп келген, бирок 1-январдан тартып анын баасы 230 долларга чейин же дээрлик 445 пайызга көтөрүлдү. Ошол эле мезгилде Орусия өз газын Беларуска 47 доллардан, ал эми Армения, Грузия, жана Балтик жээгиндеги үч жумуриятка 100-120 долларга сатып жатат.

Айрым эксперттердин айтымында, мурда түзүлгөн келишимдер боюнча, Орусия газдын баасын кескин түрдө өзгөртпөш керек деп жазылган, ошондуктан Киев Маскөөнү эл аралык сотко да бериши мүмкүн. Президент Виктор Ющенконун айтымында, Украина газ үчүн баанын көтөрүлүшүнө макул жана аны түшүнөт, бирок мынчалык деңгээлге көтөрүү эч акылга сыйбайт.

Батыш Европага кеткен газ куурлары Украинанын аймагы аркылуу жаткырылган жана Австрия, Мажарстан, Польша, Словакиянын айтымында, 1-январдан тартып аларга келген орусиялык газдын көлөмү азайды. Маскөөнүн билдиргенине караганда, 1-январда Украинада 100 миллион куб метр газ уурдалды. Бирок өлкө премьер-министри Виктор Ехануровдун айтымында, транзит газынан Украина өзүнө алган жок: "Азыр биз орусиялык газдын бир да куб метринен пайдаланган жокпуз. Ал тууралуу айтылып жаткан сөздөр Орусия калкына багытталган пропаганда", - деди Ехануров.

Март айында Украинада парламенттик шайлоо өткөрүлөт жана өлкө жетекчилеринин айтымында, Орусия андан пайдаланып, шайлоо алдында Украинадагы абалды бейстабилдештирүүгө аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG