Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

ДАГЕСТАН: КУРАЛЧАН ТОПКО КАРШЫ СОГУШТУК ОПЕРАЦИЯ


Төрөкул Дооров, Москва. Бүгүн, 3-январда, Дагестандын Унцукул районундагы тоолуу аймакта орусиялык аскерлер жашынып жүргөн жикчилердин тобун жок кылуу операциясын өткөрүп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал топту «Жаннат» (же «Бейиш») деп аталган бандиттик топтун башчысы Расул Макашариповдун жакын адамдарынын бири башкарып турат. Макашарипов өзү былтыр июнда Махачкалада өлтүрүлгөн.

Шейшемби күнү таң эртелеп Шамилкала менен Гимра кыштактарынын ортосунда сегиз адамдан турган жикчилердин тобу бар экени аныкталды. Аларды азыр ар тараптан орусиялык аскерлер курчоого алышкан. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Дагестандагы өкүлү «Интерфакс» маалымат агенттигине билдирди:

- Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал топту эларалык издөөдө турган Омар Шейхуллаев жетектейт. Ал милиция кызматкерин өлтүргөн деп айыпталууда. Бул топ сегиз адамдан турат.

Омар Шейхуллаев - «Жаннат» (же «Бейиш») деп аталган топтун башчыларынын бири. Бул топ бир катар оор кылмыштар, алардын арасында адам өлтүрүү жана теракт уюштуруу, боюнча шектелип жатат. Айрым кабарларга караганда, дал ушул топ өткөн аптада бейшемби күнү террор актысын уюштурууга аракет кылган. Ал күнү бир жанкечти өзүн-өзү жардырып жиберген эле.

Кабарларга караганда, жикчилер жашынып алышкан жерлерге снайперлер ар тараптан жана аскердик тик учактар абадан сокку уруп жатышат. Азырынча бул операция канча убакытка созулаары белгисиз.

Дагестандын Ички иштер министри Адилгерей Магомедтагиров билдиргендей, өткөн 2005-жылы Дагестанда 170 жикчи колго түшүрүлгөн. Алардын ичинде кармоого каршылык көрсөткөн 46 адам тындым кылынганы кабарланды. Ошол жок кылынгандардын арасында «Ал-Каида» террор тобунун Кавказдагы ишенген адамы Абу-Омар, «Жаннат» деп аталган бандиктик топтун башчысы Расул Макашарипов жана кийин анын оордун баскан Гаджимагомед Исмаилов, алардын жакын адамдарынын бири Мурад Лахиялов, ошондой эле экстремисттердин негизги идеологдорунун бири Махач Расулов да бар.

Министрдин айтымында, өткөн жыл ичинде республикада болгон 33 террор актысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин 24 нүн бети ачылган. «Калгандары боюнча жок дегенде кимдер катыштыгы бар экени белгилүү» деди министр «Интерфакс» маалымат агенттигине айткан кабарында. Ошол эле учурда ал республикадагы жалпы кылмыштуулук абалы өтө оор бойдон калып жатканын мойнуна алды.

Ал эми Чеченстанда Жаңы жылды тосуу учурунда, ишембиден жекшембиге караган түнү, борбордук көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар милиция кызматкерлерин атып кетишиптир. Мындай окуялар дагы эки башка райондо да болгон.

Жаңы жыл алдынан Чеченстанда эки кыз жоголгону айтылды. Алар азырга чейин табыла элек.

XS
SM
MD
LG