Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Дагестанда куралдуу согушкерлерге каршы операция улантылууда


Дагестандын тоолуу Унцукуль районундагы атышуулардын учурунда, расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир жоокер окко учуп, дагы бир нечеси жаракат алган. Бирок "Кавказ - центр" деп аталган көз карандысыз интернет сайттын билдиргенине караганда, орусиялык күчтөр арасында жоготуу мындан көп. Уруш кечээ башталып, өткөн түн ичи токтотулган эле. Орусиялык аскерлерге тик учактар да колдоо көргөзүп жатат. Согушкерлер арасындагы жоготуу болсо беш адам деп эсептелүүдө. Дагестан бийликтеринин айтымында, куралдуу согушкерлер - алардын аймагына Чеченстандан өтүп келген чоң топтун калдыктары.

XS
SM
MD
LG