Орус ортодокс христиандары бүгүн Иса пайгамдардын туулган күнүн белгилөөдө. 1917-жылдагы ыңкылапка чейин Орусия менен батыш өлкөлөрү ар башка календар колдонгон жана бир нече кылымдын ичинде күн саноодо 13 күнгө жеткен айырма чыккан. Советтик бийлик кийин ал айырманы жойгон, ошондуктан эски календар боюнча 25-октябрда болгон ыңкылап 7-ноябрда белгиленип калган. Бирок орус чиркөөсү эмгиче жаңы календарга өтө элек, ошондуктан майрам башка дүйнөдөн 13 күн кеч белгиленет.