БИШКЕК. Май айында Казакстан аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн «Чек-2006» деп аталган кеңири масштабдагы аскерий машыгуусу өткөнү жатат. Бул тууралуу «KZ-today» интернет-сайты Тажикстандын коргоо министрлигинин маалыматына таянып жазды. Антитеррордук багытта өтө турган бул машыгууга Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан аскер бөлүктөрүнөн өкүлдөр катышат. Машыгууну Казакстандын коргоо министри жетекчиликке алаары болжолдонууда. Бул машыгууга Кыргызстандан канча аскер кызматкери барары тууралуу азыр тактала электигин 9-январда коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. «Чек - 2005» аскерий машыгуусу былтыр жазда Тажикстанда өткөн.