Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Ирандын өзөктүк изилдөөлөрдү кайра жандандыруу жөнүндөгү чечимин эл аралык коомчулук айыптады


Маселен, Орусия буга байланыштуу камтамачылык билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров Иранды өзөктүк ишине киргизилген мораторийди кармоого чакырды. Аны айтымында, Москва Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу аракетин жасамакчы.
Мунун алдында Иран өзөктүк программасынын алкагындагы излдөөлөрүн кайра жандандырганын ырастаган эле. Өлкөнүн Атом энергетикасы боюнча мекемесинин бул тууралуу жарыялаган жетекчи орун басары Мохаммед Саиди баса белгилегендей, бирок өзөктүк отун өндүрүү иши токтотулган бойдон турат. Өзөктүк обьектилердин Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттикттин инспекторлору койгон мөөрлөр алынган.

Ирандын мындай кадамын АКШ жана Евробиримдиктин жетектөөчү өлкөлөрү айыптады. Батыш Тегеран өзөктүк изилдөөлөрүн өзөктүк курал жасоо максатында колдонуп жатышы мүмкүн деп чоочулайт. Иран болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн ырастап келүүдө.

XS
SM
MD
LG