Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

БУУнун качкындар комиссарлыгы кыргыз бийлигин өзбек качкындарын кайтарып бербөөгө чакырды


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгы Ош шаарында кармалып турган өзбекстандык 4 качкынды Өзбекстанга кайтарууну кое турууга кыргыз бийлигин чакырды. Бул тууралуу 9-январда адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитети маалымдады. Бул төрт адам Анжиян окуясында Кыргызстанга ооп келген 500 чамалаш өзбекстандыктардын арасында болгон. Бирок, Өзбекстандын сунушуна ылайык алар камакка алынып, үчүнчү өлкөгө жөнөтүлгөндөрдүн катарына кирбей калышкан. Аталган адамдар Качкындар комиссарлыгынын мандатынын негизинде качкын макамын алышкан, ошондуктан, качкындарды кайра кайтарып берүү эл аралык нормаларга каршы келет деп айтылат кайрылууда. Ушундай эле кайрылууну кыргыз бийлигине буга чейин эл аралык Хюман райтс вотч уюму да жасаган. Анда белгиленген маалыматка караганда, качкын макамын алгандар – Якуб Ташбаев, Расул Пирматов, Джахангир Максудов жана Одилджон Рахимов. Булардан тышкары Оштогу тергөө изоляторунда баш паанек сурап келгендердин дагы бири - Таджихалилов аттуу өзбекстандык жаран бар жана ал да качкын макамын сураган, бирок, качкындар комиссарлыгы аны менен жолугууга мүмкүндүк алган жери жок.

XS
SM
MD
LG