Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

ШААР ПРОКУРОРУ ПРЕЗИДЕНТТИН БЕДЕЛИНЕ ДОО КЕТИРДИБИ?


Президент Курманбек Бакиевдин абийир, ар-намысын коргоо максатында айрым журналисттерге жана саясатчыларга Бишкек шаар прокурорунун берген эскертүүсү коомчулукта аша чабуу катары сыпатталып жатат. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы муну өлкөдөгү кризистик жагдай үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик органдар маалымат каражаттарынын мойнуна коюу аракетин жасап жатат деп баалады.

Журналисттерден президенттин укугун коргоо аракеттери эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан жок. Мурдагы бийлик тушунда ушундай негиздеме менен алгачкылардан болуп «Республика» гезитинин редактору Замира Сыдыкова кылмыш жазасына кирептер болгону бар. 2005-жылы ал кездеги президент Аскар Акаев «Моя столица новости» гезитине жарыяланган материалдарды ага каршы маалымат террору катары балап, гезитти жана журналисттерди сотко берерин жергиликтүү телеберүү аркылуу элге жарыялаган:

- Гезиттин багыты байма-бай мага жана менен үй-бүлөмө жалаа жапкан маалыматтык террорго айланып отурат.

Аскар Акаевден айырмаланып, Кыргызстандын экинчи президентинин абийир ар-намысын коргоо милдетин Курманбек Бакиев өзү эмес, Бишкек шаардык прокуратура өзүнө алды. Прокурор Учкун Каримовдун айтымында, айрым басма сөз каражаттары текшерилбеген маалыматтарды таратуу аркылуу президенттин абийирине, ар-намысына доо кетирип жатышат. Бул «Маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамга каршы келет жана Кылмыш кодексине ылайык 3 жыл эркинен ажыратууга чейинки жазаларга кабылат. Ошондуктан, прокурор мыйзам бузууга жол берүүгө болбой тургандыгын белгилеп, «Лица» гезитинин баш редактору Бермет Букашевага, «Комсомольская правда в Кыргызстане» гезитинин баш редактору Александр Кулинскийге, саясатчылар Кабай Карабековго, Анвар Артыковго, Кубанычбек Апаска эскертти. Эскертүүнү шаар прокурору аталган гезиттерге президентти коррупцияга, кылмыштуу иштерге аралашты деген пикирлер басылгандыгы менен негиздеди:

- Жок, цензура эмес бул. Мыйзам менен иштейли деп атабыз биз.

Шаар прокурору өз чечимин ушинтип негиздегени менен, коомчулукта бул чара маалымат каражаттарын ооздуктоо жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү катары сыпатталууда. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы тараткан билдирүүдө, маселен, бул саясий эркиндикке кол салуу катары бааланып, президентти прокуратура кызматкерлеринин билдирүүлөрүн жокко чыгарып, өлкөдө конституциялык эркиндиктерди жана укуктарды кепилдөөгө чакырды.

Шаар прокурорунун аракеттерине байланыштуу президент Курманбек Бакиевдин атынан эч кандай билдирүү таратыла элек. Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун болсо шаар прокурору колдонгон чарага Курманбек Бакиевдин эч кандай тиешеси жок экендигине бекем ишенимде экенин кабарлады:

- Бул жерде президент Бакиев журналисттерди куугунтуктоо, жаза колдонуу, өзүн-өзү сактоо үчүн атайын уюштурган акция эмес. Биздин комиссия шаар прокурорунун аракетин колдобойт. Прокурор Каримов президентти коргоо, колдоо аракетин жасоо менен, президентке жакшылык кылган жок. Тескерисинче, Кыргызстандын эл аралык имиджине доо кетип атат. Анткени, Кыргызстан эл аралык макулдашууларга кол койгон.

Эскертүу алган саясатчылардын бири, Ош облусунун экс-губернатору Анвар Артыков шаар прокурору колдонгон чараны диктаторлук аракеттин башталышы катары санайт:

- Бийликтин сыналган эки эле усулу бар. Биринчиси, сатып алуу, экинчиси коркутуу жолу. Диктатордук так көрүнүш ушундан башталат. Башка ой пикирди эч качан кабыл албайт. Баарын өзүнө алып, бийликтен башканын баары туура эмес деп бааланат. Оппозиция деген сөздү булар таптакыр кабыл албайт.

Саясат таануучу Карыбек Байбосунов узак жыл күрөшүп бийликке жеткен президент сынга чыдоого милдеттүү. Бул өңүттөн алганда эски адатты ириде аша чапма тартип коргоочулар жаңыртып жатат:

- Биздин укук коргоочу органдар арасында өзүнө тиешеси жок миссияларды өзүнө алып алгандар көп болуп атат. Ошолордун бири - баягы эле эски оору. Тыюу салуучулук, адамдардын оозун жабуучулук сыяктуу эски ооруларды булар кайрадан жандандырып атышат. Ал туура эмес.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы баштаган бир катар бейөкмөт уюмдар мындай жагдайдын түзүлүшүн президенттин абийир, ар-намысын коргоо жаатында өзгөчө укуктардын берилиши менен байланыштырышууда. Ошондуктан, алар президенттин укугун бардык башка жарандардын укуктары менен теңештирүүнү каалашат. Ал эми башкы прокурор Камбараалы Конгантиев маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу парламентте сүйлөгөн сөзүндө президент сыяктуу эле Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер министр өңдүү мамлекеттик ишмерлердин да абийирин, ар-намысын коргоо зарылчылыгы барын белгилеген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG