Бишкек. Өткөн жылдын август айында Жогорку Кеңеште кабыл алынып, президент кол койгон бул мыйзамга ылайык, бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөгү жаза өтөө жайларында отурган 129 адам бошотулду. Ал эми камактагы 4200 адамга жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу 13-январда Кыргызстандын жазаны аткаруу башкармалыгынан маалымдашты. Аталган башкармалыктын атайын бөлүмүнүн башчысы Анвар Закировдун маалыматы боюнча «Мунапыс жөнүңдөгү» мыйзам боюнча дагы 15 миң адамдын жаза өтөө мөөнөттөрү кыскартылат. Учурда алардын сот иштери тиешелүү соттордо каралууда. «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам февраль айынын орто ченине чейин ишке ашырылыш керек.
Аба ырайы
БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 14-январда республиканын кээ бир облустарында кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн -12...-17 күндүз -3...+2 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен, Ысыккөл облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2 градус.
Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10 градус болот.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -12...-14, ал эми күндүз 0...+2 градус.
Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу даярдашты
Редактору Кубат Чекиров