Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Кыргыз-өзбек чек арасында дагы чыр-чатак болду


БАТКЕН. 13-январь күнү эртең менен Баткен районуна караштуу Согмент айылынын беш жүзгө жакын жашоочулары нааразылык талаптары менен кыргыз-өзбек чегине келишти. Алардын талабы тез арада бийлик чегара маселесин чечип бербесе, биз өзүбүз тиешелүү чараларды көрүп, керек болсо күч колдонууга барыша тургандыгын билдиришти. Буга себеп 12-январь күнү Согмент айылынын тургундары Баатыр Жороев жана Орозали Уралиев өзүлөрүн Газ-24 автомашинасы менен Кушяр өзбек айылы аркылуу өтүп бараткан учурунда өзбек 15-88-99 мамлекеттик номерлүү Газ-31-10 автомашинасы менен алдын тосушкан. Кушярдык он чакты тажик улутундагы өзбек жарандары кыргыз жолоочуларын эч кандай себеп түшүндүрүүсүз эле токмоктоп, машинелерин талкалап салышкан. Мындай маалымат жабыркаган 33 жаштагы Орозали Уралиевден 13-январь күңү алынды. Окуяга байланыштуу Өзбекстандын Сох райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Фарух Урумбоев Баткен районун акими Алияр Имаровго телефон аркылуу байланышып, өзбек атуулдарынын жасаган бей баштык иштери үчүн тиешелүү жазасын аларын белгиледи. Ошондой эле жагдайды улуттар аралык чырга айланып кетпөөсүн алдын алуу керектигин өтүнгөн. Бул тууралуу маалымат Баткен районун акими Алияр Имаровдон 13-январь күнү алынды. Окуя болгон жерге Баткен облус жана райондук бийлигинен ички иштер кызматкерлери барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ушул тапта кыргыз-өзбек чегиндеги жыйналган эл тарап, бирок эртең кайра чыгыша тургандыгын айтышты.

XS
SM
MD
LG