Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

ЕВРОБИРИМДИК КУШ ЫЛАҢЫНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ЖҮЗ МИЛЛИОН ДОЛЛАР АЖЫРАТАТ


Евробиримдик канаттуунун сасык тумоосунун жайылышын токтотуу үчүн 80 миллон евро же 100 миллион доллар ажыратууну убада кылууда. Бул тууралуу расмий түрдө ушул аптада кытай башкалаасы - Пекинде өтүүчү эл аралык жыйында жарыяланган жатат.

Коркунучу улам күчөп бара жаткан куш ылаңына каршы күрөшүү маселеси 17-18-январь күндөрү Пекинде талкууланчу жыйынга 90дон ашуун өлкөнүн жана 25тей эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышкан жатат. Евробиримдик анда ири донордун бири катары чыгып жатканынын да өз жүйөөсү бар. Себеби канаттуунун сасык тумоосу илдети бул күндөрү ага жакын турган Түркияда жайылууда, былтыр Орусия, Украина, Румыния, Хорватияда катталган.

Уюмдун тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро - Вальднердин айтымында, 80 миллон евро бул - уюмдун жалпы бюджетинен бөлүнүүчү акча. Мындан сырткары ар бир өлкөнүн да өз кошумчасы бар. Каражаттын көбүрөөк бөлүгү Түштүк-Чыгыш Азия, Африка жана Кариб деңизинин боюндагы өлкөлөргө багытталат. Бир бөлүгү, муктаждык жаралса, жардам катары Борбор Азия өлкөлөрүнө, Украинага да берилет:

-Мен биз Азия үчүн 30 миллион евро, Борбор Азия үчүн 5 миллион, Африка жана Кариб деңизинин боюндагы өлкөлөр үчүн 30 , Жер ортолук деңизиндеги мамлекеттер үчүн 10 миллион, чыгыштагы коңшуларга 5 миллион деп ойлонуштурдук. Кокус проблема чыкса, албетте дагы кошумча акча болот.

Ал эми уюмдун саламаттыкты сактоо комисcары Маркос Куприянунун айтымында, Түркиядагы окуялар көрсөткөндөй, эң биринчи көңүл бура турган маселе – үй жана жапайы канаттууларга, калктын саламаттыгына көзөмөлдү күчөтүү. Бирок аймагы жана калкы чоң өлкөдө бул милдетти аркалоо кыйынчылыктарды жаратпай койбойт:

-Байкоо жана жакындан текшерүү - өтө олуттуу фактор. Чоң өлкөдө, чек ара райондорунда, айыл жеринде муну уюштуруу дайыма жеңил эмес экенин мен түшүнөм. Ал жерлерде муну татаалдаштырган обьективдүү себептер бар.

Евробиридиктин салматтыкты сактоо комиссары Маркос Куприяну кошумчалагандай, уюм ошондой эле куш ылаңына кабылган өлкөлөрдө бул илдеттин тоок этин өндүрүү өнөр жайына тийгизген кесепетин азайтуу боюнча да иш - чараларды караштырууда.
Маселен Евробиримдиктен 2003-жылы канаттуунун сасык тумоосу илдетинин алгачкы жумшак түрү Голландияда катталганда, жергиликтүү фермерлер 150миллион евро зыян тарткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG