Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

ЛОНДОНДО ИРАНДЫН ЯДРОЛУК ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНУУДА


Лондондо Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Ирандын ядролук программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү баштады. Бүгүнкү жыйында АКШ,Британия,Франция жана Германия Тегерандын чуулгандуу иши боюнча Россия жана Кытай менен бирдиктүү стратегия тапканга аракет кылышат. Талкуу жабык мүнөздө өтүп жатат.

Жыйынга алты өлкөдөн жогорку даражалуу дипломаттар катышууда. Буга Ирандын ядролук иликтөөлөрдү кайра баштаганы себеп болду. Евросоюздун үч өлкөсү – Британия,Германия жана Франция өткөн аптада Тегерандын маселесин Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүп берүүнү сунуш кылышкан эле. Алардын демилгесин АКШ колдоду. Эгер маселе Коопсуздук Кеңешине жетсе, Иранга эл аралык санкциялар жарыяланышы мүмкүн.

Россия менен Кытай бу маселеде азырынча бир жаңсыл чечимге келе элек. Бирок, Ирандын акыркы кадамдарын Москва өткөн аптада катуу сынга алып,өз позициясын өзгөртүшү мүмкүн экенин эскертти. Акыркы кабарларда тышкы иштер министри Сергей Лавров кокус Тегерандын иши чын эле Коопсуздук Кеңешинде каралып калса, Москва эч кандай каяша кылбай тургандыгына АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райсты ишендиргени айтылууда. Ирандын уран байытуу ишин кайра баштаганы Кытайга да жаккан жок. Лондондогу жыйында алты өлкө бул ишти МАГАТЭнин чукул жыйынында дагы бир ирет талкуулап,андан соң Коопсуздук Кеңешине өткөрүп берүүнү макул табышы да ажеп эмес.

Өткөн аптада немец канцлери Ангела Маркел менен Вашингтондо өткөргөн маалымат жыйынында АКШ президенти Жорж Буш дипломатиялык бардык сунуштарды четке каккан өлкөнүн маселеси Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралышы жүйөлүү болорун айткан эле.

Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки өз кезегинде илимий изилдөө иштерин улантууну чечкен Тегерандын кадамын өтө эле тапалаңга түшүп кабыл алганы үчүн Евросоюзду сынга алды. Министрдин айтымында,илимий-изилдөө иштерин Тегеран ядролук дүрмөт жасоо үчүн жүргүзүп жаткан жок. Аларды токтоткондо университеттер жабылат, илимдин негизги вазийпасы – изилдөө иштери жүрбөй калат. Мындайга Иран макул боло албайт. Ошол эле учурда Моттаки атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик –
МАГАТЭ менен сүйлөшүүлөрдү жана кызматташууну улантканга Тегеран өкмөтү даяр экенин ырастады. Ирандын программасы жалаң баракат максатты гана көздөйт, деп ырасты министр.

МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадей болсо америкалык Newsweek апталыгындагы интервьюсунда муну так кесе ырастай алган жок. МАГАТЭ үч жылдан бери Иранда инспекция иштерин жүргүзүп келатат. Бирок алиге чейин Тегерандын программасы өңчөй жайчылык максаттарга багытталганын ишенимдүүлүк менен айтуу кыйын, деп белгиледи ал-Барадей.

Эксперттердин пикирлери да ар башка. Израилдиктер келерки жылы эле Иран бомба жасаганга жетишет дешет. Ал эми америкалык эксперттер болсо бул үчүн бери дегенде беш жыл керек болорун айтышат.

XS
SM
MD
LG