Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:01

“АЗАТТЫК +” ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ ЖАШТАРГА ЖАКТЫ


Каарманбек Кулуев, Бишкек 16-январда “Азаттык+” телеберүүсүнүн биринчи чыгарылышы улуттук биринчи каналдан көрсөтүлдү. Бул телекөрсөтүү “Азаттык Медиа” жана улуттук биринчи телеканалдын биргелешкен теле долбоору болуп саналат.

Жаны гана обого чыккан берүү дароо эле жаштардын кыйла кызыгуусун жаратты. Азаттык үналгысынын кеңсесине байланышкандар “Азаттык+” телекөрсөтүүсү жөнүндө жакшы пикирлерин айтып жатышат.

Акылбек:
- Бул берүүнү көрүп менде көптөгөн пикирлер пайда болду. Кыргызстанда Борбор Азия боюнча эң көп Интернет колдонуучу бар деп эсептелет. Биз көрсөтүүдөгү баянда көргөндөй, айылдагы кыз да Интернетке кирип жатат. Менимче, бул көптү көрсөткөн нерсе.

Нурлан:
- Негизинен, бул берүүдө жакшы ойлор айтылды. Көрүнүш, фон, техникалык жактан башка көрсөтүүлөрдөн айырмасы бар. Бирок, менин оюмча, бир нерсе айтылбай калды. Биздин кыргыз эл толук билимдүү болбой туруп, интернеттин пайдасы менен зыянын ажыратып калганына мен түшүнбөйм.

Көрсөтүү бүтө электе эле телефон шынгырай баштады. Көрсөтүүдөгү талкууда сүйлөгөндөрдү колдогондор өз добуштарын берип башташты. Алар талкууга коюлган тема боюнча өз ойлорун айтып, тигил же бул көз карашты колдошту. Талкууда ким жеңгени бир аптадан кийин берилген добуштардын негизинде аныкталат.

Кийинки берүүнүн темасы “Сессия жана экзамен тапшыруу”.

Ар дүйшөмбү сайын Улуттук биринчи телеканалдан саат 17.30да “Азаттык+” жаштар көрсөтүүсү чыгат.
XS
SM
MD
LG