Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

КУШ ТУМООСУ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДА ТООРУП ТУРАТ


Азиза Турдуева, Бишкек. Январь айынын аягы-февраль айынын башында Кыргызстанда да куш тумоосунун адамга коркунуч туудура турган вирусунун пайда болуу ыктымалдыгы бар экендигин адистердин эскертишүүдө. Ошондуктан, Кыргызстанда куш тумоосун алдын алуу боюнча иш-чаралар күчөтүлүүдө. Чет өлкөлөрдөн өлкөгө канаттуулар этин жана продукциясын алып кирүүгө толугу менен тыйуу салынды.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму куш тумоо вирусу адамга өтө коркунучтуу экенин далилдеп чыккан. Кыргызстанда куш тумоосу каттала элек. Бирок, адистердин айтымында, мындай коркунуч өлкөдө жакынкы мезгилде пайда болушу ыктымал.

-Адамзат азыр ошол эле куш ылаңын козгогон вирустар кокусунан адамга жукса, адамдын өзүнүн организминдеги тумоосун козгоочу вирустары менен кошулуп, анын натыйжасында экөөнүн арасында гентиптик өзгөрүүлөр болуп, адамдан адамга жугуучу касиетине ээ болгон жаңы вирус пайда болушу мүмкүн,- деди республикалык санитардык-эпидемиологиялык Департаментинин көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зурдин Нурматов. -Ошондой божомолдор да бар. Биз ошондой сактанууга даярданып жатабыз. Азыр мисалы, вирустун «А», «В» түрлөрү АКШда, Европа өлкөлөрүндө жүруп атат. Ал эми Кыргызстанда, Россияда бул вирустар январь айынын акырында, февралдын башында болот деген божомолдор бар. Вирусологиялык лабораториялык изилдөөлөр боюнча биздин калктын 70 пайызына чейинкисинде бул вирустарга каршы иммунитети жок .


Ал эми республикалык ветеринардык департаментинен алынган маалымат боюнча Түркияда куш ылаңы тарай баштагандан бери Кыргызстанга тоок этин алып кирүүгө тыйуу салынгандыгына карабастан, мындай аракеттер көрүлүүдө.

-Канаттуулардын этин башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Кытайдан, Түркиядан, Казакстандан, Россиянын кээ бир облустарынан жана башка өлкөлөрдөн экспорттоону биз жапканбыз. Бирок, мына эми эле маалыматтар түштү, 40 тонна канаттуулар эти Бразиялиядан Түркия аркылуу келиптир, азыр ал бажы кызматкерлери тарабынан өлкөгө киргизилген жок. Уруксат берилген жок. Биз ушундай мезгилде чегарадан канаттуулар этин өткөрүүнү катуу көзөмөлгө алышыбыз керек,-/i> деди ветеринардык департаменттин жетекчисинин орун басары Эсенбай Сейитов.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 11 канаттуулар фабрикалары карантин тартибинде иштөөдө. «Манас» эл аралык аба майданында чет өлкөлөрдөн келген каттамдарды дыкат текшерүү уюштурулган. Биз куш тумоосуна байланыштуу бир айдан бери тиешелүү иштер бизде текшерилип жатат,-деди "Манас" аба майданынын президенти Эгемберди Мырзабеков.-Аэропортто сaнитардык-карантиндик пунктта чет өлкөлөрдөн келген учактарды текшерип, анын жүргүнчүлөрүн текшерүүнү күчөттүк. Биздин бажы кызматыбыз да келген жүктү, кол жүгүн, баарын текшерип жатат .

Куш тумоосунун коркунучуна карабастан Түркияга каттаган аба кемелери токтой элек. Бишкектен Стамбулга аптасына эки авиакаттамы «Түрк аба жолдору» компаниясы аркылуу аткарылууда.

-Биздин авиакомпания мурдагыдай эле Стамбулга каттамдарын уланта берет. Азырынча эч кандай өзгөрүүлөр жок. Каттамдар аптасына үч жолу аткарылып жатат , - дейт «Түрк аба жолдорунун» кызматкери Айбек Надиров.

Кыргызстанда куш ылаңына каршы күрөшүүгө 5 млн АКШ доллары бөлүп жатканы тууралуу Дүйнөлүк банк билдирген.

XS
SM
MD
LG