Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

КҮН СИСТЕМАСЫНЫН ЭҢ АЛЫСКЫ ПЛАНЕТАСЫН ИЗИЛДӨӨ КАНЧАЛЫК КЕРЕК?


17-январда АКШдагы Канаверал тумшугунан Күн системасынын эң алыскы планетасы - Плутонго алгачкы космос кемеси учурулат. “Жаңы кыйырлар” (горизонттор) деп аталган аппарат планетага 9 жылдан кийин жетет деп күтүлүүдө. Бирок окумуштуулар Плутондон алынган маалыматтар космосту изилдөөдө чоң жардам берет деп үмүттөнүшөт.

Жерден 5 миллиард километр алыстыкта жайгашкан Плутон адам баласы тарабынан эч качан изилденип көргөн эмес. Эми АКШнын космос агенттиги, НАСА эң муздак планетага кемесин жиберип, Жер, дегеле жалпы Күн системасы тууралуу көбүрөөк маалымат топтоого үмүттөнүүдө.

-Плутон Күн системасы калыптанган доордон бери дээрлик өзгөргөн эмес деп болжолдонгондуктан, андан алынган маалымат өзгөчө баалуу болмокчу, - дешет изилдөөчүлөр.

500 миллион долларлык долбоордун илимий жетекчиси - Алан Штерн:

-Бул –космосту изилдөөнүн Эверест чокусу болуп саналат. Биз таптакыр жаңы объектини, мындайча айтканда муз планетасын изилдөө үчүн Күн системасынын эң алыскы чегараларына багыт алып жатабыз.

17-январга пландалган учуруу ишке ашпай калса, Штерндин командасы февралга чейин күтүүгө мажбур болот. Анткени Юпитердин жанынан өткөндө ал кемеге кошумча гравитациялык түрткү берет. Ансыз аппарат Плутонго 14 жылдан кийин гана жетет.

Албетте, алыскы жана чакан планетаны изилдөөнүн муктаждыгы канчалык? - деген суроо туулбай койбойт. Ага британиялык илимпоз Эндрю Коатс мындайча жооп берет:

Муну менен биз планеталар, Жер, ошондой эле Жердин Күн системасы боюнча кошуналары жөнүндө маалымат алууну көздөйбүз. Плутон системанын калган планеталарынан айырмаланат. Башкалар – Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун газдан турган чоң планеталар. Плутон болсо муздан турат.

-Окумуштууларды асыресе Күн системасы кантип калыптанган, эмне үчүн планеталар бири биринен абдан айырмаланышат, эмне үчүн Жер башкалардан өзгөчөлөнөт? деген суроолор түйшөлтөт, - деп улантат космос изилдөөчү.

Штерн болсо азыркы миссия илимпоздорго уникалдуу шарт түзүп берет деп ырастайт:

Муздан турган чакан объектилер калыптанып бүтө элек планеталар болуп эсептелет. Алар түптөлүп келаткан бойдон катып калышкан. Оштенип, биз, мындайча айтканда планеталардын түйүлдүгүн изилдеп билүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болобуз.

Плутон 75 жыл илгери ачылган. Аны планета деп саноого болобу деген талаштар азыркыга чейин уланып келатат. Айрым астрологдор Плутон комета же астероид болушу ыктымал деген пикирди карманышат. Бул талаштар былтыр Күн системасынын ичинде Плутондон чоңураак объект табылганда өзгөчө күчөдү.
XS
SM
MD
LG