Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Москвада орус жана немец лидерлеринин сүйлөшүүсү өттү


Бул Германиянын азыркы канцлери Ангела Меркелдин Орусиядагы алгачкы иш сапары болду. Орус президенти Владимир Путин менен немец канцлери Ангела Меркел эки өлкөнүн алакасы бекем экенин кайрадан ырасташты. Немец канцлеринин сүйлөшүүлөрдөн соң кабарчыларга айтканына караганда, ал орус президентине Чеченстандагы адам укуктары, Орусиянын бейөкмөт уюмдарынын ишин чектеген жаңы мыйзамы өңдүү маселелер боюнча тынчсыздануусун билдирген. Бирок эки лидер тен Германия менен Орусиянын азыркы алакасын жогору баалашты. Орус тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияны көздөй газ куурунун курулушу -тараптар өз ара мамилесинде артыкчылык берген иш болот.

XS
SM
MD
LG