Ядролук отун банкы жөнүндөгү идея мындан жарым кылымдай илгери пайда болгон. Мохаммед ал-Барадей унутулган ошол идея азыр, өзгөчө Иран сыяктуу өлкөлөр өзүнүн ядролук программасын түзүүгө умтулуп жаткан кезде өтө актуал мааниге ээ болду деп эсептейт. Анын сунушун көпчүлүк өлкөлөр,анын ичинде АКШ менен Россия да колдогон. Москва атүгүл Иранга Россияда уран байытып берүүнү сунуш кылган. Бирок Ирандын коопсуздук кеңешинин башчысы Али Ларижани Россия менен Украинанын жакындагы газ чатагын мисалга келтирип,бир өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун башка өлкөгө көз каранды кылгандын кажети жок деп билдирди.
Мындай көз карашты эксперттер жаңылыштык деп эсептешет.Гарвард университетинин атомдук изилдөөлөр боюнча долбоорунун аткаруучу директору Мэтю Банн бул чөйрөдө энергетикалык коопсуздукту кепилдөөнүн бир нече жолу бар экенин белгиледи. Баарыдан мурда бул жерде бир эмес,бир нече өлкө отун берип турат,зарылдыгы чыкканда аларды алмаштыра койсо болот. Экинчиден, МАГАТЭ банкта аларды бириктирип,кошумча кор түзөт. Айрым бир сатармандар,айталы, Россия сыяктуу өлкөлөр отун бербей калганда банктагы запастан алып пайдаланса болот. Акырында,ядролук отун арзан жана чакан келет,аны оңой эле запаска камдап койсо болот.
Вашингтондогу Карнеги фондусунун ядролук куралдарды таркатпоо программасынын директору Жозеф Кэйринкэйн да ушундай ойдо. Анын айтымында, эгер бу идеяга тийиштүү маани бергенде Иран азыр дүйнөдө бардык элдерди камтамага салып жаткан проблеманы чечүүнүн баштоочусу болуп калмак. Башкача айтканда, Иран ядролук отун өндүрүп, аны сатуу ишинин жаңы системасын түзүүгө чыйыр салмак.
Бруно Пеллод мурда МАГАТЭнин директоруна орунбасар болуп иштеген. Ал да отун банкы тууралуу идеяны жүзөгө ашыруунун азыр удулу келди деп эсептейт. Ядролук отунду азыр бүт дүйнөдө сатып алса болот. Банкка отун салууну каалаган көп өлкөлөр бар, анын запасы жетерлик, андыктан ар бир өлкөдө ядролук отун өндүрүү азыр эл аралык мааниде алганда чынында эле маанилүү иш эмес.
Иранды азырынча мындай чакырыктар муюта элек. Евросоюздун үч өлкөсү – Британия,Германия жана Франция маселени МАГАТЭнин чукул жыйында дагы бир ирет талкуулап чыгууну, андан соң биротоло Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүп берүүнү сунуш кылды.