Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

ООГАНСТАН: БИР ЖАНКЕЧТИ 22 КИШИНИ ОО ДҮЙНӨ АЛЫП КЕТТИ


Дүйшөмбү күнү Ооганстандын Спин Болдак шаарчасында жанкечти жардырган бомба 22 адамдын өмүрүн алды. Бул жанкечтилердин 2001-жылы талиптер бийликтен кулатылгандан берки эң чоң кандуу чабуулу болду. Акыркы 48 саатта эле Кандагар провинциясында жанкечтилердин катар катар чабуулу -талип согушчандары ирактык козголоңчулардын жолоюна түштүбү деген кооптонууну жаратууда. Ооганстандын бийлик өкүлдөрү менен АКШлык офицерлер Спин Болдакта бомба жардырган жанкечти чет элдик согушчан болсо керек деп боолгошот.

Мотоциклчен жанкечти бомбаны Спин Болдактын эли балбандардын күрөшүн тамаша кылып жаткан жерде жардырды. Нажамуддин жардыруудан бир-эки мүнөт алдың күрөшүп болгон. Азыр ал Пакистанга чектеш Хаман кыштагында ооруканада жатат:

-Намаздигерге жакын мелдеш аяктап, биз кийимдерибизди алмаштырып жатканбыз. Биз кийинип жаткан учурда капылеттен эле катуу жардыруу болду. Анын чапкыты бизди алып ыргытып, эсибизден танып калдык.

Маалыматка караганда, 22 кишинин каны төгүлгөн жайда 20 метрге жеткен аң калды.

Андан бир нече саат илгери Кандагарда башка жанкечти үч ооган жоокердин жана бир жолоочунун өмүрүнө зобун келтирген. Бир күн мурда болсо жанкечти өзү менен кошо канадалык дипломатты жана эки ооганды оо дүйнөгө жетелей кеткен.

Президент Хамид Карзайдын кеңешчиси кан төгүүлөрдү НАТО өлкөлөрүнүн Ооганстандын түштүгүнө кошумча аскер жайгаштыруу планына каршы жана январь соңунда Лондондо өтчү донор өлкөлөрдүн жыйыны алдында жасалган кыянаттык деп баалады.

Кандагар провинциясындагы кандуу калабалар үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алышты. Бирок, маалымат көз карандысыз булактар тарабынан тастыктала элек.

Айрым талдоочулардын айтымында, жанкечтилердин чабуулунун көбөйгөнү 2004-жылдын күзүндөгү президенттик шайлоодон кийин өлкөдө “ал-Каиданын”, өзгөчө арабдардын жана Пакистандын медреселеринде таалим-тарбия алышкан ооган качкындарынын таасири өскөнүн күбөлөйт.
Абдул Ахрар Ромизпур – Кабул университетинин профессору:

- Жанкечтилердин дээрлик бардык чабуулдары фундаменталисттик көз караштагы чөйрөлөр мындай идеяны жайылткан чет жактардан башкарылып уюштурулууда. Бирок, ага фундаменталистик салттар бекем кармалган аймактарда өскөн оогандар тартылбады деп айтып болбойт.

Кандагар провинциясынын губернатору Асадулла Халид жанкечтилер жергиликтүү жигиттер болушу мүмкүн деген кепке карамандай каршы:

-Оогандардын тарыхында өзүнө бомба байлап жардырган жанкечтилер болгон эмес. Муну жасагандардын баары чет өлкөлүктөр.


Кабулдун жашоочусу Жума Гул да ушундай пикирде:

-Ооганстан боюнча бомбачан жанкечтилик кылгандар көбүн эсе арабадар деп ойлойм. Аларды көпчүлүк учурда пакистандыктар коштоп жүрөт.

Ал эми Кабулдун коопсуздук кызматынын офицери Расул Хандын баамында, жанкечтилердин чабуулу президент Карзай башындагы борбордук өкмөткө болгон нааразылык өлкөдө өсүп баратканын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG