Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

ОРУСИЯ ИРАН МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ПОЗИЦИЯСЫН ӨЗГӨРТҮП ЖАТАБЫ?


Төрөкул Дооров, Москва. Бүгүн, 17-январда, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча жаңы билдирүүлөрдү жасады. Министр Сергей Лавровдун айтымында, Тегеранга каршы санкцияларды киргизүү проблеманы чечүүнүн туура жолу эмес. Буга чейин Иран маселеси боюнча Орусия башкача позицияны карманып келгени белгилүү.

Ырасмий Москва Ирандын ядролук программасы боюнча талкууда мүмкүн болушунча этияттык сакталышы керектигин эскертти.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, атомдук изилдөөлөрдү кайра баштаган Иранга каршы санкцияларды киргизип эле проблеманы чечип коюуга болбой турганын, бул өңдүү аракет убагында Иракка каршы да көрүлүп, кийин окуя эмне менен бүткөнү жалпыга маалым экенин билдирди:

- Иранга каршы санкциялар тууралуу суроо ашкере шашылыш түрдө көтөрүлүп жатат. Андыктан биз эң алгач МАГАТЭнин (Атомдук кубатуулук боюнча эларалык агенттик) алкагында Ирандын өзөктүк программасы боюнча мурда жүргүзүлгөн жана азыр да өткөрүлүп жаткан иликтөөлөргө таянып, Тегерандын ядролук программасына тиешелүү суроолорго так жоопторду алууга аракет кылышыбыз шарт. МАГАТЭнин инспекторлору азыр мунун үстүндө иштеп жатышат, - деди Сергей Лавров, Орусиянын Тышкы иштер министри.

Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттар Иран маселесин кароодо Орусиянын жана Кытайдын колдоосуна жетишүүгө аракет кылып жатышат. Дүйшөмбүдө бул суроо Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн жана Германиянын сүйлөшүүлөрүндө да каралган. Анткен менен азырынча бу боюнча жалпы бир мунаса табыла элек.

Лондондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин ага катышкан «европалык үч мамлекет» - Германия, Франция жана Британия – МАГАТЭге 2-3-февраль күндөрү Ирандын ядролук программасы боюнча чукул жыйын өткөрүү демилгеси менен кайрылышаарын айтышты. Орусиялык министр Лавров ал жыйында Орусия да бу суроо боюнча бир жаңсыл оюн айта турганын билдирди.

Ошентсе да, Орусия Ирандын ядролук программасы боюнча маселеде анын позициясы эларалык коомчулуктун оюу менен туш келе турганын айтканы бар.

Дүйшөмбүдө орус президенти Владимир Путин Германия канцлери Ангела Меркель менен Москвада өткөн сүйлөшүүлөрүндө бул суроо көп талкууланганын айтты:

- Иран боюнча биз бүгүн өтө көп ирет сүйлөштүк. Буга карата Орусия, Германия, Европа биримдиги жана Кошмо Штаттары, - баарыбыздын позициябыз өтө окшош.

Бирок позициялар канчалык жакын экени белгисиз. Өткөн аптанын этегинде Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Иран маселеси Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүлүп берилээрин да жокко чыгарбай турганын айткан.

Ал эми президент Путин бу проблеманы чечүүдө дипломатиялык жолдорду толук колдонуу зарылдыгын билдирди:

- Биз ирандык өнөктөштөрүбүзгө уранды байытуу боюнча Орусия аймагында биргелешкен ишкана курууну сунуштадык. Биз азыр бу боюнча алардын түрдүү ойлорун угуп жатабыз. Алардын бири тышкы иштер министрлиги тарабынан айтылды. Биздин ирандык өнөктөрүбүз сунушту турмушка ашырууну да жокко чыгарбай тургандыктарын билдиришти. Кандай болгон күндө да, баары бир бул жаатта шашылыш кадамдарга барбай, өтө этияттык менен иш жүргүзүшүбүз зарыл.

Ошентип, Путин Ирандын ядролук программасына карата Орусиянын көз-карашы Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттардыкына окшош экенин билдирди, бирок так ошондой деп кароого болбойт дешет серепчилер. Орусия Иран менен карым-катнашты бузуп алууну каалабайт. Буга бир чети эки мамлекет ортосунда Бушерде Атомдук Электро станция куруу өңдүү маанилүү долбоордун иши да себеп.

XS
SM
MD
LG