Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

ИРАН БОЮНЧА ЕВРОПАЛЫКТАРДЫН АКШ МЕНЕН ТУРУМУ ЖАКЫНДАДЫ


Жаныл Жусупжан кызы, Прага Иранды ядролук программасынан баш тартууга көндүрө албаган соң, Европа Союзу 2-февралда Бириккен Улуттардын Атомдук энергетика агенттигинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды. МАГАТЭнин жыйынында европалыктар Тегерандын ядролук программасын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде кароону сунуш этишмекчи. Бул тууралуу Лондондо Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн жана Германиянын ушул дүйшөмбүдөгү жолугушуусунан кийин жарыяланды.

Кырдаалды 16-январда Нью-Йоркто журналисттер менен жолукканда Белгиянын тышкы иштер министри Карел де Гухт мындайча мүнөздөдү:

- Эки жылдан берки сүйлөшүүлөрдөн кийин Иран бул сүйлөшүүлөрдү улантууга болбой турган кадамдарга барууда. Ошондуктан биз Коопсуздук Кеңешине кайрылууга тийишпиз.

2003-жылдын этегинен тартып Евросоюз Иранды ядролук отун жасоо аракетин токтотууга көндүрө албай келген. Өткөн жайда Тегеран уран байытууну кайра баштаган, ал эми өткөн аптада кайрадан тынчтык максаттагы ядролук программага ар кимдин укугу бар экендигин айтып, мунай байытуучу жабдыктарынын МАГАТЭнин мөөрү басылган кулпуларын ачтырды.

Мохамед Элбарадай жетектеген МАГАТЭ, Кошмо Штаттары ырастагандай, Тегерандын ядролук курал жасап жаткандыгын бышыктай алган жок, ошол эле мезгилде Тегерандын ядролук программасы тынчтык максаттарды гана көздөй тургандыгын да тактай албады.

Эгер европалыктар МАГАТЭнин 35 мүчөсүн маселени Коопсуздук Кеңешинде караш керек экендигине көндүрө алса, кырдаал өзгөрөт. Кошмо Штаттары муну эбактан талап кылып келатат. Ошол эле убакта эгер Ирандын программасы Коопсуздук Кеңешинде каралса, андан кийин эмне болоору бүдөмүк. Буга чейин буга каршы болуп келген Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон Орусиянын президенти Владимир Путин ушул дүйшөмбүдө азыр Орусиянын туруму европалыктар менен өтө жакын деп ырастады. Бирок тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеранга каршы санкцияларды колдоодон өлкө алыс экендигин мындайча түкшүмөлдөдү:

Санкциялар арабаны аттын алдына койгонго барабар. Биринчиден биз МАГАТЭнин чегинде кеңири маалымат алганга аракеттенишибиз керек. Иранда жүрүп жаткан көзөмөл иштеринин негизинде алынган информация бизге Ирандын буга чейинки ядролук программасы тууралуу суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берет.

Орусия менен катар, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон Кытай да буга чейин Иранга каршы санкция колдонууга кастарын тигип келген эле. Бейжин бул күндөрү өз туруму өзгөрбөгөн бойдон калгандыгын каңкуулоодо.

XS
SM
MD
LG