Ирандык тогуз жоокер декабрь айынын соңундаа Пакистан менен чек арага жакын аймакта, күзөттө турган жеринен туткундалып кеткен.
Аскерлерди уурдап кеткен топ өзүн "Жандолла" же "Жараткандын жоокерлери" деп атаган болчу. Январдын башында эле "Ал Арабия" телеканалынан көргөзүлгөн видеотасмада Иран өкмөтү алардын бир нече өкүлүн абактан чыгарбаса, жоокерлерди өлтүрөрүн эскерткен болчу. Өзүн ошол топтун лидери Абдулмалик Рижи деп тааныштарган адам 9- январда "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун иран кызматы – "Фарда" радиосу менен да байланышып, ошол эле талабын кайталады. Аны кепке тарткан кабарчы Ниуш Борна мындай дейт:
-Алар өзүлөрүнүн түрмөдө отурган төрт өкүлүнүн бошотулушун талап кылууда. Буга кошумча 230 миң доллардай кун төлөнүшүн, өкмөт алып койгон эки үйүдүн документтери менен сегиз автоунаасы кайтарылышын талап кылууда.
"Фарда" радиосунун кабарчысы Ниуш Борна кошумчалагандай, барымтачы топтун лидери алар Иранда азчылыкты түзгөн сунниттер экенин, өкмөттүн куугунтугунан улам курал алууга барганын да билдирген.
Ал эми Ирандын ички иштер министри Мостафа Пурмохаммадинин айтымында, барымтачылар - ооган талибдери менен байланышы бар жана АКШ колдоо көргөзгөн уюмдун мүчөлөрү.
Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефи барымтадагы жоокерлерди аман –эсен бошотуу үчүн колдон келгендин баары жасалып жатканын билдирди.
Жоокерлер тукундалган күнү Иран –Пакистан чек арасынан жоголгон түркиялык үч жаран - туристтер да ошол эле топтун колунда экени маалымдалган. Түркиялыктар кечээ бошотулду. Бирок түрк тышкы иштер министри Абдулла Гүл түркиялык жарандар кайсыл жерден, кандай шартта бошотулганын айткан жок, иран өкмөтүнө көргөзгөн жардамы үчүн ыраазычылык жолдоду.
Кабарларга караганда, барымтачылар түркиялык жарандардын башы үчүн кун сураган. Мындан эки күн мурда "Франс– пресс" агенттиги түркиялык бир дипломаттын "барымтачылар - баңги аткезчилиги менен алектенген кылмышкерлер, түркиялык үч туристтин ар бир үчүн 1 миллион еврдон талап кылууда" деген сөздөрүн тараткан болчу.
Ирандын чыгыш аймагы наркосоодадагы кан жол катары саналат. Полиция менен баңги аткезчилери ортосундагы кагылыштар бул аймакта утур-утур орун алып турат.