Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

ОРУСИЯНЫН СООДА ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ «ДАНЕКЕР» ОРДЕНИНИН АРДАГЕРИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын соода өнөр-жай палатасынын жетекчиси Евгений Примаковго шаршембиде Кыргызстандын «Данакер» орденин тапшыруу болду. Орденди салтанаттуу тапшыруу палатанын баш кенсесинде өттү.

Орусияда таанымал инсандар четтен табылат. Арасында аттын кашкасындай алыстан көзгө түшкөндөрү бар. Мына ошол катардагы кишилердин бири Евгений Примаков. Ал эки заманда тең ишкердик артыкчылыгы жогору бааланган адам. Мурунку заман б.а. советтик кезде, маселен, ал Кыргызстандан СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Кийинки кездерде Орусиянын тышкы иштер министри болгон, чыгышты таану боюнча эмгек сиңирген окумуштуу. Бирок Кыргыздын ардактуу сыйлыгынын бири ага тапшырылып жатышын кайсы бир анализчилер түшүнүшпөй тургандыгын жашырышкан жок. А кайсы бирлери бул кантсе да эки мамлекет алакасынын андан ары өркүндөөсүнө жараша болуп атат дешти.

Мурдагы «Эски аянт» б.а. совет тушунда ушундай ат менен белгилүү болгон коммунисттер баш кенсесинин капталынан орун алган Илинька 6 дагы эски заманда курулган имаратта тапшыруу өттү. Ал жерде Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым элчиси Апас Жумагулов ардагердин эки эл алакасына салган салымын чогулгандарга маалымдап кетти.

Андан ары кепти улаган орусиялык саясий ишкер Примаков Кыргызстанга эмне себептер менен карыздар экенин мындайча сөздөр менен түшүндүрдү:

-Мен чын эле өзүмдүн мамлекеттик ишкердигимди Кыргызстандан баштаганмын. Ага дейре мен илимдер академиясында жөнөкөй эле окумуштуу болгомун. Андан кийин (Кыргызстандан депутат болуп шайлангандан кийин – ММ) Жогорку Советке келдим. Ошон үчүн ал учур менин жарышка аттанткан аянт болгон. Жакшы маани менен айтканда менин мансабымын башаты болгон. Кыргызстан эли эли менен болгон жолугушуулар, сиздердин өлкө ажарынан менде унутулгуз элестер жүрөт, - деди Примаков мырза.

Андан аркы убакыт эки карыянын ийри олтуруп түз кеңешүүсүн эске салган жылуу маектешүү менен өтүп атты. Элчини коштоп келген коноктор сыңары палата жетекчисин коштоп келгендер кез-кезде гана сөз кыстара коюшканы болбосо муюп угуп олтурушту.

Сыйлыкты тапшыруу маалында кыргыздын каадасына ылайык баш кийим да алып келинген экен, тышы кере карыш суусар, төбөсү кара баркыт тебетей кийгизүү да болду.

Окумуштуу менен саясий ишкерге мунун баары жагып атканы байкалып турду. 45 мүнөткө созулган аңгемелешүүдө Кыргызстан сыйлыгынын жаңы ардагерине биз да бир нече суроо узаттык. Ал жерде Примаков өзүнүн былтыркы март ыңкылабына карата кандай көз карашта экени жана Акаевге мамилеси мурунку боюнча экенин айтып өттү.

XS
SM
MD
LG