Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

НАЛЬЧИКТЕГИ ЖОРТУУЛ ҮЧҮН ШЕКТЕЛГЕНДЕРДИН АРАСЫНДА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛУП КЕТКЕНДЕР БАР


Кабардин – Балкар республикасынын борбору Нальчик шаарына согушкерлердин былтыр октябрда жасаган жортуулунан кийин ага тикелей жана кыйыр катышы бар деген шек менен, расмий маалыматтар боюнча, алтымыштан ашуун адам камалган. Бирок укук коргоочулар камалгандардын саны мындан көптүгүн, алардын басымдуу бөлүгүнүн бул кандуу окуяга тиешеси жоктугун айтышат. Шектелгендердин ичинен дайынсыз жоголгон экөөсүнүн тагдырына ушу тапта туугандары, адвокаттары тынчсызданып, жергиликтүү жана федералдык бийликтерден аларды таап берүүнү талап кылууда.

Руслан Накушев аттуу адам мурда КГБнын офицери болгон, соңку жылдары Орусиянын Ислам мурасы деп аталган бейөкмөт уюмдун Түндүк Кавказ боюнча координатору кызматында иштечи. Ошондой эле Нальчиктеги Ислам институтунун башчысы эле. Ал куралдуу согушкерлер Нальчикке жортуул жасагандан үч аптадан кийин, былтыркы жылдын 4-ноябрынан бери дайынсыз. Туугандары менен кесиптештеринин айтымында, мунун алдында ал ФСБнын жергиликтүү бөлүмүн тергөөчүлөрү менен жолугушууга чакырылган. Руслан Накушевдин кесиптеши Сюзана Варитлованын айтымында, алар жана туугандары андан бери Кабардин – Балкар республикасынын президенти Арсен Каноков баштаган расмий өкүлдөргө бир нече ирээт кайрылышты, бирок жарытылуу жооп болгон жок:

-Бизге такыр эч нерсе белгисиз. Анын дайын -дарегин билбейбиз. Адам туруп -туруп эле сууга чөгүп кеткендей.


Айрымдар ал киши колдуу болдубу чоочулашат. Кээ бир расмий өкүлдөр Руслан Накушевдин достору менен туугандарына ал балким башка жакта, мисалы Казакстанда из жашырып жүрүшү ыктымал экенин айтышкан. Бирок Накушевдин адвокаты мындай жоромолдорду так кесе четке какты.

Ал эми экинчи шектүү адам Расул Кудаев абактан жоголгон. Ага Нальчиктеги кол салууга катышы бар деген айып менен кылымыш иши ачылган эле. Буга чейин адвокаты менен туугандары ал абакта ур-токмокко алыганын далилдеген сүрөттөрдү жарыялашкан болчу.

Бул Расул Кудаевдин биринчи эле жолу камалып олтурушу эмес. Алгач 2001-жылы Ооганстанда АКШнын, антитеррордук операциясы учурунда Талибан согушкерлери менен байланышта турат деген шек менен кармалган. Андан соң Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык аскерий түрмөгө жөнөтүлгөн. 2004-жылы май айында Гуантанамодгу башка орусиялыктар менен катар бошотулуп, мекенине кайтып келген.

Айыпкердин адвокаты Александра Зернованын айтымында, Расул Кудаев өткөн айда түрмөдө Кабардин - Балкар респулбикасынын президенти Арсен Каноков менен жолуккандан кийин дайыны билинбей калды:

-Арсен Баширович Каноков Орусия президентинин Түштүк Федералдык округ боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Козак менен бирге анын камерасына 14-декабрда барган. Расул аларга күнөөсүз экенин, кандай кыйноого кабылганын жана кыйноолор уланып жатканын маалымдаган. Жетекчилер угушуп, бул маселени иликтээрин билдиришкен. Ушундан соң анын дайыны чыкпай калды.

Адвокат Александра Зернова кошумчалагандай ушул дүйшөмбү күнү гана ал Нальчиктеги түрмөнүн атын атабоону өтүнгөн кызматкеринен өз кардары ФСБнын Пятигорск шаарындагы абагына которулганы жөнүндө бейрасмий маалымат алган. Расул Кудаевдин апасы Фатима Текаева баласын издеп Пятигорскидеги ошол түрмөгө барып келээр замат Нальчиктен "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна буларды билдирди:

-Мен баламдын дайын -дарегин билүү үчүн бүгүн Пятигорскиге бардым. Бирок расмий өкүлдөрдөн бирөө да мени менен сүйлөшкүсү келген жок. Башка адамдар мага анын жашырып жатышканын айтышты. Эмне себептен экенин мен биле албай койдум. Мага сиз менен сүйлөшүүгө укуктуу эмеспиз деп гана так кесе жооп беришти.

Ал эми Кабардин – Балкар республикасынын Жогорку соту өткөн аптада төмөнкү инстанциядагы соттун үч адвокатты Нальчикке жасалган кол салуудан кийин камалгандарды коргоо укугунан ажыратуу жөнүндө чечимин колдоду. Нальчиктин райондук соту адвокаттар Ирина Комиссарова, Инна Голицина жана Лариса Дорогованы былтыр ноябрь айында алар кардарлары абакта кыйноого алынганына нааразылык билдиргенден кийин иштен четтеткен. Адвокаттардын айтымында, алар эми Адам укуктары боюнча европалык сотко кайрылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG