Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

ЖАЛАЛАБАТ: НААРАЗЫЛЫК ЖЫЙЫНЫ БИР ЧЕЧИМГЕ КЕЛБЕЙ ТАРКАДЫ


Жалалабатта мурдагы облус губернатору Жусупжан Жээнбековду коргоо комитети 23-январда нааразылык жыйыныны өткөрдү. Анда Президенттин жарлыгын колдогон адамдар менен аны четке каккандар сөз талашып, бир чечимге келе алышкан жок.

Областтык бийлик имаратында өткөн митинг «Жалалабаттагы революциянын башчысы –Жээнбеков!», “Жусупжан өз ордунда калтырылсын!» деген ураан көрнөктөр менен коштолду. Митинг баштан аяк экс-губернатор менен бийлик тарапкерлеринин талаш-тартышы менен өттү.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн бир бөлүгү Ж. Жээнбековду губернатор кызматынан туура эмес алынганын белгилешип, анын ордунда калып иштешин колдой тургандыктарын билдиришти. Мамлекеттин кадр саясатында катачылыктар көп болуп жатканы айтылды.

- Жусупжанга жок дегенде иштегенге 2 жыл мүмкүнчүлүк берсе жакшы болот эле, ошондо ал жигиттин ким экени билинип калат эле,- деп сүйлөдү Маман Матмусаев.

Ошол эле учурда Президент жарлыгы бардык атуулдар үчүн мыйзамдуу чечим экенин, анын аткаруу зарылдыгын айтып чыккандар да болду.

- Кайда буюрган болсо ошол жака барып иштегенге милдеттүү. Президент өзүнүн айтканын аткарышы керек. Эгерде айтканын аткарбаса, анда президент болбой калат,- дейт жергиликтүү тургун Ажар Корголдоева.

Митингге 300дөн ашык адам катышты. Жээнбековду коргоо комитететинин маалыматы боюнча тартип сакчылары облбийликтин айланасы менен кирүү жайларын тосуп чыгышып, Сузак районундагы Барпы, Кызылтуу айлынан келаткан жүздөн ашык адамды Жалалабат шаарына өткөрүшкөн эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG