Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

МАМЛЕКЕТТИК ТЕЛЕРАДИОКОМПАНИЯ ЖАМААТЫ ЭКИ ЖААТКА БӨЛҮНҮП ЧЫРДАШУУДА.


Кабыл Макеш , Бишкек Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын вице-президенттигине Байма Сутенованын дайындалышына байланыштуу мамлекеттик радионун кызматкерлери эки жаатка бөлүнүп калышты. Бир тарап Байма Сутенова Аскар Акаевдин тушунда өзүнүн репутациясын жоготкон деп чанып жатса, экинчи жак аны колдоп жатат.

Мамлекеттик телерадиокомпаниянын кызматкерлеринин бир бөлүгү вице-президент кызматынан Жылдыз Муслимованы бошотуу жөнүндө президенттин чечимине нааразылык билдиришүүдө.

23-январда алар вице-премьер-министр Адахан Мадумаров катышкан жыйында ага Жылдыз Муслимованы эмне себептен кызматтан бошотушканын түшүндүрүп берүүнү жана аны вице-президент катары кайра ордунда калтырууну суранган кайрылуусун тапшырышты.

Адахан Мадумаров Кыргыз телерадиокорпорациясы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпания болуп түзүлүп жаткандыктан беш виценин ордуна экөө гана иштээрин, бир кишинин кызматтан кетишин трагедия кылбоо керектигин билдирди.

Жыйында чыгып сүйлөгөндөр кыска убакытта Жылдыз Муслимованын жетекчилик кызматта өзүн жакшы көрсөткөндүгүн, уюштуруучулугун баса белгилешти. Байма Сутенова экс-президент Акаевдин тушунда эле вице-президент болуп иштеп жарытпагандыгын айтышып, анын бул кызматка келишине каршылыгын билдиришти.

Жамааттын экинчи бөлүгү Байма Сутенованын вице-президенттикке дайындалышын колдоого алууда. Алар Сутенованын кесиптик чеберчилиги жетиштүү деп эсептешет.

Вице-президент кызматынан бошотулган Жылдыз Муслимова бийлик аны менен кеңешип да койбогонун, эмне себептен бошотуп жатышканын да айтпаганын, учурда ага эч кандай сунуш кылынбаганын бизге билдирди.

Бул жыйында “Казына” чыгармачылык бирикмесинин редактору Гүлжамила Шакирова олтурган жеринен кулап түшүп, эсин жоготту. Жүрөгү оорукчал журналистти тез жардам кызматы ооруканага алып кетип,реанимация бөлүмүнө жаткырды.

XS
SM
MD
LG