Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

ВАШИНГТОН МЕНЕН ИСЛАМАБАД БИРИ БИРИНЕ МУКТАЖ


Пакистан менен Кошмо Штаттары терроризмге каршы күрөштө өз ара кызматташуусун улантышат. Бул тууралуу кечээ Пакистандын премьер-министри Шавкат Азиз менен АКШнын президенти Жорж Буш билдиришти. Арийне Ак-Үйдөгү жолугушууда пакистандык карапайым тургундардын өлүмүнө себепкер болгон америкалык аскерлердин соккусу сөз кылынган жок.

Жекшембиде эле Шавкат Азиз Ооганстан менен чектеш кыштактагы ракеталык аткылоону айыптаган эле. Кабарларга караганда 13-январь күнкү аскерий операция Усама бин Ладендин жардамчысы Айман ал-Завахрини жок кылууга багытталган. Бирок Завахри ал жерде жок болуп чыкты. Чабуулдан бир нече бейкүнөө адам каза тапты.
Пакистандын премьери Вашингтон анын өкмөтүн сокку жөнүндө кабардар кылган эмес деп белгилеген. Бирок Буш менен кездешүүсүнөн кийин Азиз эки өлкөнүн кызматташуусун гана сөз кылып чектелди:

Биз терроризмдин бардык түрүнө каршы күрөшөбүз. Террористтер жаман- жакшыга бөлүнбөйт. Терроризмдин чегаралары жок. Терроризмге каршы согушта АКШ менен коалициябыз бүткүл дүйнө жана граждандык коом үчүн маанилүү.

Пакистандын бийлиги 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Вашингтондун ал-Кайидага каршы күрөшүнө тартыла баштаган. Бул альянс пакистандыктардын бардыгына эле жага берген жок. Алардын туруму Кошмо Штаттары Пакистанда былтыр октябрда болгон катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардамын сунуш эткенде бир аз жумшарган эле. 13-январь күнкү ракеталык сокку кайрадан пакистандыктардын ачуусун келтирип, антиамерикалык маанай күчөдү.

Президент Буш дагы өз сөзүндө эки өлкөнүн кызматташтыгына гана токтолуп, март айында Пакистан менен Индияга барууну пландап жатканын айтты.

АКШ үчүн Пакистан менен алакалар абдан маанилүү. Мен премьер-министрге, президентке бир катар маселелер боюнча биз менен тыкыз иштешип жаткандары үчүн ыраазылыгымды билдирем. Биз Америкага, Пакистанга зыян келтирүүнү максат кылган террористтерди жеңүү үчүн чогуу иштеп жатабыз.

Сөз болуп жаткан соккудан кийин Пакистанда антиамерикалк демонстрациялар көбөйдү. АКШнын армиясы чабуул жөнүндө расмий билдирген жок, бирок ракеталык аткылоодон кийин дароо пайда болгон тастыкталбаган кабарларда ЦРУ тарабынан жүргүзүлгөн операция ал-Кайиданын согушкерлерине каршы багытталган деп айтылган.

24-январда Пакистандын президенти Первез Мушарраф операция маалында ал-Кайиданын бир нече мүчөсү мерт болгонун билдирип, бул кошумча бышыкталышы керек деп баса белгиледи.

Вашингтондук саясий изилдөөчү Фредерик Грэйердин пикиринде, АКШ менен Пакистан бири бирине муктаж. Вашингтон Пакистандын алыскы тоолу аймактарында жашырынып жүргөн ал-Кайидачыларга каршы күрөш жүргүзүүдө. Исламабад болсо америкалыктардан түрдүү жардам алып келатат. Бирок мындай муктаждыктын чеги да бар деп белгилейт аналитик:

Террорго каршы урушту ыкчамдатуу Пакистандын кызыкчылыгына сөзсүз дал келет деп айта албайбыз. Соодалаша турган бир нерсе бар болгондон кийин кызматташуу улана берет.

Анын ырастоосунда, ал-Кайида жеңилген күнү да Кошмо Штаттары Түштүк Азия чөлкөмүндөгү шерикке дайыма муктаж болмокчу.

XS
SM
MD
LG