Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ АШЫНГАН КЫЛМЫШКЕРДИ КАНАТЫНА КАЛКАЛАП КЕЛГЕНБИ?


Коопсуздук кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн кызматкери Алдаяр Исманкулов киши өлтүрүү кылмышына колдонулганы шектелип жаткан тапанча менен кармалышы коомчулукта дүңгүрөгөн кепти жаратты. Жогорку Кеңештин депутаттары бул окуяны дароо талкуулап, кылмыштуулукка каршы күрөшпөй жатат деп сындап, УККнын жетекчисинин кызматтан чегинишин талап кылып башташты.

17-январь күнү курал жана баңгизат менен кармалган улуттук коопсуздук кызматкери Алдаяр Исманкуловдун иши тууралуу маселе 25-январда Жогорку Кеңештин коопсуздук, коргоо жана укук тартиби комитетинде да каралды. Комитеттин төрагасы Рашид Тагаевдин маалыматы боюнча, комитетте ишти ИИМ карамагына өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алышмак болушту. Алдаяр Исманкуловдун улуту корей, ал дене тарбия институтунун ректору Валерий Кимдин уулу жана коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Валерий Хандын жээни экендиги да аныкталды. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Валерий Хан дагы ырастады:

-Ооба, ал Валерий Кимдин уулу. Мен жакшы билбейт экенмин, ал бала кезиненби же төрөлгөндөн тартабы, апасынын фамилиясын алып жүрөт. Алдаяр Исманкулов деген атты кийин эле алган деген сөз толук ушак. Менин Алдаяр Исманкулов менен кандайдыр бир жакын мамилем болгон эмес.

Биздеги маалыматтар боюнча, Алдаяр Исманкулов кызматынан бошотула элек. Аны 1-2 күндүн ичинде камоо тууралуу аскер прокурору депутаттарга убада берди. Депутаттар УКК жетекчиси Таштемир Айтбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Депутат Мелис Эшимканов УКК кылмышкерлерге жардам берген, аларды коргогон тармак болуп калды деген оюн билдирди:

-Эгер улуттук коопсуздук кызматы мына ушундай кылмышкерлерди жаап-жашырып, аларды канатына калкалай берсе, биздин келечегибиз кандай болот?



Алдаяр Исманкулов тууралуу маалымат депутаттар менен кошо эле жалпы коомчулуктун да бүйрүн кызытууда. «Демократия жана атуулдук коом» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов коомчулуктан буга чейин да Алдаяр Исманкуловго нааразы болгон каттар келип жүргөндүгүн кабарлады:

-Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери Алдаяр Исманкуловдун жасап жаткан иштери тууралуу бизге да эки-үч айдан бери элден даттануулар түшүп жаткан. Ал өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, бир нече адамдардан коркутуу жолу менен акча өндүргөнү тууралуу маалыматтар бизде бар.

Эдил Байсалов ИИМ бул ишти аягына чыгарууга тийиш, ал эми прокуратура жана улуттук коопсуздук кызматы ага жардам берсин деген пикирин билдирди.
Ал эми ИИМинистринин мурунку орун басары, «Акыйкат» партиясынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев бул ишти аягына чыгарууга милицияга мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш деген ойдо:

-Баарын кылдаттык менен текшерип чыгууга ички иштер министрлигине мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш. Алар баарын тактап, экспертизаларды чыгарып, далилдерди топтоп, ошолордун негизинде жыйынтык чыгаруу зарыл. Менин оюмча бул ишти парламенттик комиссия текшерсе, адилеттик болот.

Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери Алдаяр Исманкулов 17-январь күнү ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын жанынан номуру сүрүлүп өчүрүлгөн тапанча табылган. Бул тапанчадан белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев атып өлтүрүлүшү ыктымал деп шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан баллистикалык текшерүүгө берилген. Ошондой эле Исманкуловдун автомашинасынан дагы бир тапанча менен баңгизаты табылган. Алдаяр Исманкулов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайында бир күн жатып, 18-январь күнү аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Аскер прокуратурасы эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде Исманкуловду камактан чыгарган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG