Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

ГРУЗИЯНЫН ӨТҮНҮЧҮН ЕВРОСОЮЗ УКТУ, БИРОК АТКАРУУГА ШАШКАН ЖОК


Грузия жетекчилиги Россия менен болгон талашта Евросоюздун колдоосуна жетүүнүн аракетине өттү. Тышкы иштер министри Гела Бежуашвили шаршемби күнү Европарламенттин тышкы иштер комитетинде сүйлөп, Брюсселди Түштүк Осетия чатагын жана Россия менен газ талашын жөндөөгө шымалана киришүүгө үндөдү.

Грузия өкмөтү Түштүк Кавказдагы жагдайга Евробиримдикти тартууга ашыкча дилгир экенин шаршемби күнү ачык көрсөттү. Тышкы иштер министри Гела Бежуашвили Европарламенттин тышкы иштер комитетинде ЕБнын январда кол коюлчу “Жаңы коңшулар саясаты” деп аталган беш жылдык планына Тбилиси кызыкдар экенин кайталап, Грузия быйыл эң алды Түштүк Осетия кризисин жөндөөнү каалай турганын айтты:

–Грузиядагы демократиянын түптөлүшүнө жана экономикалык өсүүгө Абхазиядагы жана Түштүк Осетиядагы “дымып турган чатак” өтө чоң бөгөт болууда. Жөндөлбөгөн чатактар Грузиянын эле коопсуздугуна жана өнүгүүсүнө коркунучтуу эмес; - бүтүндөй Түштүк Кавказдагы демократияга, коопсуздукка жана туруктуулукка зыян кылууда.

Тбилисиде Түштүк Осетиядагы калабаны басууга Россия каршы деп санашат. Москвада Грузиянын Түштүк Осетия боюнча тынчтык планын колдоочу түрү жок. Планды Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, анын ичинде Россия былтыр жактырган. Анүчүн, Бежуашвили өз сөзүндө Евросоюзду Россияны бурап, “тилге салууну” сурады:

-Биз Евробримдиктин Россия менен болчу сүйлөшүүсүнүн күн тартибине Түштүк Осетия маселеси да кирет деп көптөн-көп үмүт кылабыз. Грузия-Россия чек арасын тактоо, чек араны көзөмөлдөө, Грузиянын жана Россиянын чек ара кызматтарынын кызматташуусун өнүктүрүү, Грузиянын Россия менен болгон жалпы чек арасын тартипке салуу конфликти жөндөөгө зарыл жагдайды олуттуу жакшыртат.

Грузия, Бежуашвили белгилегендей, Түштүк Осетия маселеси жөндөлөөр замат, Евробримдиктин Бирдиктүү контроль комиссиясына кошулууса оң болот деп санайт. Аталган комиссияга азыр Россия, Грузия, Түндүк жана Түштүк Осетия мүчө. Тбилиси ошондой эле Брюсселдин Түштүк Кавказдагы атайын чабарманынын мандатын дагы узартуусун жана калаба басылгандан кийин регионго атайын миссияны жөнөтүүсүн каалайт. Миссия, аймакты куралсыздандырууну контролдоп, тынчтыкты орнотууга кепил болот.

Евробримдиктин атын атабоону сураган жооптуу кызматкеринин “Азаттыка” айтышынча, Брюсель жана Москва Түштүк Осетиягы кырдаалды турукташтыруу боюнча узактан бери араздашып жүргөндүктөн, ЕБ Тбилисинин өтүнүчүнө шыр макул болбойт. Евробиримдикте непада март айында Грузия парламенти Түштүк Осетияда россиялык аскерлер мыйзамсыз деп жарыяласа, тынчтык сүйлөшүүлөрү дагы татаалданат деп кооптонушат.

Геманиялык парламентарий Алфред Гмолка айткандай, Москва коңшуларына мурда кысым көрсөтүп көрдү жана акыркы газ чатагы абалдын курчушу үчүн аз гана нерсе керек экенин айкын кылды. Ошон үчүн Брюсселде түрдүү өлкөлөр арасындагы мамилени дагы курчутуунун зарылдыгы жок деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG