Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:18

ПАРЛАМЕНТ КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЖАНА КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТТАН КЕТИШИН ТАЛАП КЫЛУУДА


Ашынган кылмышкер болушу мүмкүн деген адамды канатына калкалап келаткандыгы үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевдин отставкасы жөнүндө маселе Кыргыз парламентинде көтөрүлдү. Мындан бир жума мурда УККнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Алдаяр Исманкулов милиция тарабынан курал жана баңгизаттар менен кармалган. Өлкөдө бийлик менен уюшкан кылмыштуулук коюн колтук алышып кеткенин эскертип, кылмыштуулуккка каршы күрөшпөй жаткандыгы үчүн УКК жетекчисин кечээ премьер-министр Ф. Кулов да айыптап чыккан болчу.

Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаев бүгүн парламентте чыгып сүйлөп, премьер-министр тарабынан ага карата айтылган айыптоолорду жалган сөз деп төгүнгө чыгарарын билдирди. «Мен өзүмдүн ар-намысымды коргошум керек, мени кылмыштуу дүйнө менен байланышта деген курулай айыптоолорду четке кагам», -деп айтты УКК жетекчиси.

Ал керек болсо премьер-министрдин өзүнө байланыштуу билген нерсеси көп экенин эскертип, кезеги келгенде айтчу жерде айтып коерун билдирип, парламенттегилердин канын кызытып койду.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовду үч өлкөнүн атуулдугун алып жүргөн адамды орун басар кызматына алгандыгы үчүн айыпташууда. Депутаттар М. Ниязовдун орун басары Вячеслав Хандын бир эле учурда Кыргызстан, Россия жана Казакстандын атуулу экенин ырастаган документтер колдорунда бар экенин белгилешүүдө.

Андан мурда Вячеслав Ханды коопсуздук кызматына алып келген өзү экендигин Мирослав Ниязов айтып өткөн. Ошондуктан, депутаттар мындай жорукка жол бергендиги үчүн коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан кетүүгө тийиш деп жатышат.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хан «Азаттык» радиосуна сүйлөгөн сөзүндө ага коюлган айыптоолорду негизсиз учурулган деп четке кагып, өлкөдө корей улутундагыларга каршы атайын акция башталганын айтты.

XS
SM
MD
LG