Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:37

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ ЭМИ ШААРДЫК СОТ МЕНЕН ЭСЕПТЕШЕТ


Р. Акматбаевди актаган сот чечимин талашып, ИИМ тергөөчүлөрү кийинки сот инстанциясына кайрылган жатышат.

Биринчи инстанциядагы соттун чечимин акыйкаттуу деп эсептөөгө болбойт дейт Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын тергөөчүсү Кубан Култаев:

-Менин оюмча сот териштирүүсү бир тараптуу карап койгонсуду. Абдан көп моменттер бар. Андан буйтап кетүү мүмкүн эмес эле. Коюлган айыптар аныкталган. Мыйзамдуу жактар бар. Биринчи инстанциянын чечимин шаардык сот карап, баарын жыйынтыкташ керек.

Рысбек Акматбаев баштаган тогуз адамды актаган сот чечими 24-январда жар салынган. Бишкектин Биринчи май соту Р. Акматбаевге коюлган айыптоолор далилденген жок деген бүтүм чыгарган.

Р. Акматбаев тогуз шериги менен полковник Чыныбек Алиев жана дагы үч адамдын өлүмүнө катышы бар, уюшкан кылмыштуу топ уюштурган жана мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталып, көп айлар бою сотто суралышты. Тергөөчүлөрдүн айтуусу боюнча кылмыш аракеттери тергөө учурунда аныкталып, алар моюндарына алышкан. Бирок, сот ишинин акыркы күндөрү прокуратура өкүлдөрү айыптоолорду колдоодон күтүлбөгөн жерден баш тартышкан. Бул өз кезегинде соттун актаган чечим чыгарышын шарттап койгонсуду. Мамлекеттик айыптоочунун мурдагы позициядан чегиниши корккондуктан болду деген көз караштар арбын.

- Акматбаевден коркконунан мамлекеттик айыптоочу баш тартты деп ойлойм,- деди Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун. -Бул мамлекеттик айыптоочунун, башкы прокуратуранын чечкинсиздиги деп эсептейм. Ага барбашы керек эле. Акматбаев кандай коркунучтуу болгон күндө дагы чындыкты ачыкка чыгарыш керек эле. Бул жерде мыйзамдуулук биринчи орунда турбай, кара жанынан, креслодон коркушту деп ойлойм. Эми Акматбаев акталып, депутат болсун, андан кийин министр болсун. Анда ошондой заманда жашайлыбы?

Рыспек Акматбаев өз кезегинде соттун актоо чечимин канааттануу менен кабыл алганын билдирген. Ал сот чечимин угуп чыгар замат эле парламентте депутаттык орун үчүн ат салышарын да жар салган.

XS
SM
MD
LG