Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

ПАРЛАМЕНТ УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГАСЫН КЕТИРҮҮГӨ ДОБУШ БЕРДИ


Кабыл Макеш, Бишкек Кыргыз парламенти 26-январда Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевди жана коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Ханды отставкага кетирүүнү Президенттен сураган чечим кабыл алды.

Депутаттар Таштемир Айтбаевди ашынган кылмышкер болушу мүмкүн болгон Алдаяр Исманкуловду канатына калкалап жүргөн үчүн айыпташты. Ал эми коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Ханга каршы анын үч өлкөнүн атуулу болуп жүргөнүн чукуп чыгышты. Эки жетекчинин отставкасын президенттен суроо боюнча чечимди депутаттар 39 добуш менен кабыл алышты. Күч органдарынын башка жетекчилерин отставкага кетирүү сунушу депутаттар тарабынан колдоого ээ болгон жок.

Коопсуздук кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Алдаяр Исманкулов мындан бир жума мурда курал жана баңгизаттар менен милицияга колго түшкөн. Аны кийинки күнү аскер прокуратурасы кое берип жиберген. Депутаттар ошондуктан эмне үчүн камабайт деп прокуратура органдарын катуу жемелешти.

- “Эгерде бир депутаттын чөнтөгүнөн тапанча табылса, анда кандай чуу болоор эле, коопсуздук кызматы 14 жылда бир да тыңчы кармаган жок. Эгерде жылдын аягына чейин буйуртма өлүм токтотулбаса депутаттык мандатымды тапшырам”,- деди депутат Кубанычбек Исабеков.

Баш Баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин маалыматы боюнча Раатбек Санатбаевге атылган ок Коопсуздук кызматынын кызматкери Алдаяр Исманкуловдон табылган тапанчалардан атылган эмес. Баш прокурор ошону менен катар Алдаяр Исманкулов курал жана баңги заты менен кармалганын мойнуна албай, аны милиция уюштуруп машинага салып койду деп көрсөтмө берип жатканын да айта кетти.

Таштемир Айтбаев депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө Алдаяр Исманкулов жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бүткөн мыкты юрист экенин, үч жылдан бери өзүн көрсөтүп, уюшкан кылмышкерлер менен күрөшүү бөлүмү жетектеп жүргөнүн айтты. Аны кармоо менен бул иш саясатташып, өкмөт башчысы Феликс Кулов билдирүү жасап, кек сактап, коопсуздук кызматынын дарегине, жетекчисине күнөө тагылып жатканын, эгерде Алдаяр Исманкуловдун күнөөсү далилденсе, мыйзам алдында жооп берээрин билдирди.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Алдаяр Исманкуловдун ишин иликтөөгө мүмкүнчүлүк берилбей жатканын белгилешип, коопсуздук кызматы менен баш прокуратураны көрсөтүштү.

- “Коопсуздук кызматынын кызматкери катталбаган курал, баңги зат алып жүрүү- бул кылмыш,аны аталган мекеменин жетекчилери коргоп жатат. Өлкөдө кылмышкерлер дүйнөсү баш көтөрүп, кырдаал курчуп барат,-” деди ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Субаналиев.

Депутаттар күч органдарынын ортосунда бириккен иш-аракет болбой жаткандыктан, уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар адамдарды кайра калкалоо аракети жүрүп жаткан үчүн уюшкан кылмыштуулук баш көтөрүп, эл-журтка коркунуч туудуруп жатканын белгилешти.

“Бийлик үчүн күрөш күч алып барат, күч органдарынын ортосунда ынтымак жок, өлкөдөгү кырдаал курч. Коопсуздук кызматынын жетекчилери кылмышка аралашкан кызматкерин мактап- жактап турат, курал, баңги зат менен кармалган Алдаяр Исманкулов камалбай, эркиндикте жүрөт,-” деп айтты депутат Кубатбек Байболов.

XS
SM
MD
LG