Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

“ХАМАС” ЖЕҢДИ, БИРОК ӨКМӨТТҮ КИМ ТҮЗӨТ?


Палестин автономиясындагы парламенттик шайлоодо экстремистчил “Хамас” тобу мандаттардын көбүн утуп алганын ырастоодо. Премьер-министр Ахмед Куреи кызматтан кетерин айтып, жаңы кабинетти “Хамас” түзүшү керектигин билдирди. Байкоочулар “Хамастын” бийликке келиши Израил менен тирешти күчөтүп, тынчтык процессине бекем чидер салышы мүмкүн деп кооптонушат.

Премьер Ахмед Куреи кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын автономиянын президенти Махмуд Аббаска жөнөттү. Шайлоонун натыйжасын ал элдин эрки болгонун, эгер “Хамас” парламентте көпчүлүктү түзө турган болсо,анда жаңы өкмөттү ушул кыймыл түзүшү керектигин белгиледи.

Кыймылдын өкүлү шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына таянып,”Хамас” парламенттеги 132 орундун 75ине ээ болгонун билдирди. Ушуга байланыштуу кыймыл башка саясий күчтөр,автономиянын президенти Махмуд Аббас,анын “Фата” партиясы менен масилет-мастет куруп, кызматташуунун шарттарын аныктаганы жатат. ”Хамас” палестиналыктарды баш коштургусу келет,деп кошумчалады кыймылдын өкүлү.

"Хамасты” АКШ жана Израил бийликтери террордук уюм деп эсептешет. Ошондуктан “хамасчылар” менен эч кандай мамиле түзбөй тургандыгын айтышты. Ал эми Евросоюздун өкүлдөрү тынчтык ыкмаларды жактаган палестин өкмөтү менен кызматташканга даяр экендигин ырасташты. Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлускони Хамастын жеңишин “өтө,өтө жана өтө жаман кабар” таризде баалады. Иши кылып, “Хамас”, байкоочулардын айтымында, эми чындап эл аралык коомчулуктун баш оорусу боло тургандай.

Израилдеги көрүнүктүү саясатчылардын бири,кабинеттин вице-премьери Шимон Перес жөөт өкмөтү өз позициясын өзгөртпөшү керек деп эсептейт. Эгер “Хамас” тынчтыкты каалабаса,сүйлөшүүлөргө баргысы келбесе,террордук иштерин улантууну көздөсө,анда алар тыштан жана Израилден колдоо таппайт,деп эскертти Перес.

Израилдеги арап жамаатынын бейөкмөттүк уюмунун саясий аналитиги Амир Макхоул дүйнө,эл аралык коомчулук шайлоонун бул натыйжасын кабыл алып,”Хамас” жана “Фата” менен алака түзгөн абзел экенине токтолду. Бу натыйжа палестиналыктардын оккупация шартындагы маанайын көрсөттү,башка убакта, балким, натыйжа башкача болмок, дейт Макхоул.

“Хамас” шайлоону утуп алганы анык болгон күндө да ал өзү жалгыз өкмөт түзө албайт. Ошондуктан кыймылдын жетекчилери Фата партиясы менен коалиция кураганга даяр экенин ырастады. Израилдеги саясий аналитиктердин бири Йосси Мекелберг президент Махмуд Аббас күчтүү лидер болбогонун, эми ал андан бетер алсыраганын белгиледи. “Хамас” ага сөзсүз өмгөгүн көрсөтөт. Акырындап отуруп Аббас президенттик жаңы шайлоо өткөргөнгө да аргасыз болушу мүмкүн, анткени эми ал өзү көздөгөндөй саясат жүргүзө албайт.

"Хамастын” жеңиши Израилде парламенттик шайлоо алдында оң канаттагы саясий күчтөрдүн позициясын да бекемдеши мүмкүн. Бери эле дегенде бул Израилде асерсиз калбайт,ал кандай болот,байкап-күтө туруу керек, дейт Мекелберг.

XS
SM
MD
LG