Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

ПАЛЕСТИНА : ХАМАС КЫЙМЫЛЫ ИШЕНИМДҮҮ ЖЕҢДИ


Палестинадагы парламенттик шайлоодо ХАМАС кыймылы ишенимдүү жеңди. Ырасмий маалымат боюнча, согушчул ислам уюму 132 орундуу парламентте 76 мандатка, ал эми палестин лидери Махмуд Аббас башындагы башкаруучу ФАТА партиясы 43 мандатка ээ болду. Талдоочулардын боолгошунча, ХАМАСтын жеңиши Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутуп, Палестина-Израил мамилеси осолдойт. Махмуд Аббас Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү колдоорун билдирди.

ХАМАСтын өкүлү Сами Абу Зурин Газа шаарында жасаган билдирүүсүндө көз каранды эмес Палестин мамлекетин куруу түпкү максаты экенин белгилеген:

-ХАМАС саясый партиялар, автономия төрагасы Махмуд Аббас жана ФАТАлык агайиндер менен келечектеги саясый кызматташуунун формасы боюнча масилээтешүүнү баштайт. Биз саясый көз карандысыздыкты күн тартибине койгон бардык партияларды бириктирген Палестин мамлекетин түзүүнү каалайбыз.

Байкоочулар шайлоо таза өткөнүн белгилешет. Картер атындагы борбордун программа башчысы Дэвид Кэррол:

- Шайлоо Палестин калкы демократиялык жараянын колдогонун, добуш берүү ачык жана атаандаштык негизинде өткөнүн күбөлөйт. Ошон үчүн, бизди анын жыйынтыгы канааттандырды.

Израилдин вице-премьери Шимон Перестин маалымдашынча, ХАМАС жөөттөргө каршы бир жактуу согушун токтотпосо, Израил согушчул топко болгон өз мамилесин өзгөртпөйт:

-Биз өз позициябызды өзгөртпөйбүз. Эгер ХАМАС тынчтыкты, сүйлөшүүнү каалабаса, эгер алар террорчулугун уланта берсе, алардын сырт өлкөлөрдөн жана Израилден колдоо алат деп ишенбейм.

АКШ жетекчилиги - ХАМАС 2000-жылы Палестин өкмөтүнө кошулгандан бери анын жанкечтилери Израилге каршы 60 ирет бомба чабуулун жасагандыктан, уюм менен кызматташууну каалабасын кайра кайталады.
Президенти Жорж Буш атайын билдирүүсүндө анын кеңсеси ХАМАСтын Израил саясатына каршы экенин белгиледи:

-Ал уюм мамлекетти жок кылууну өз максатынын бир бөлүгү деп санагандыктан, тынчтык сүйлөшүүлөрүндө кантип өнөк болот жана сиздердин партиянын куралдуу тобу болгондуктан, тынчтыкта өнөк боло албай турганыңарды билем.

Жорж Буш ошондой эле АКШ төрага Махмуд Абас өз ордунда калуусун каалалагын айтты.
Мамкатчы Кондолиза Райс да шайлоонун жыйынтыгына карабай, Вашингтон ХАМАСка болгон мамилесин өзгөртпөсүнө көңүл бурган.

Евробримдик мурда ХАМАС жеңсе, Палестинага жардам берүү токтотулат деп кулак какты кылган. Биримдик автономиянын эң чоң демөөрчүсү.
Бирок, уюмдун тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Вальднер айым Евросоюз Жакынкы Чыгыштагы калабаны тынчтык жолу менен жөндөөнү көздөгөн ар кандай Палестин өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин билдирди:

- Мен мурда айткан сөзүмдү гана кайталайм. Биз тынчтыкка тынчтык жолу менен жетүүнү ким кааласа, аалар менен иштешебиз. Менин оюмча, бул формула биздин болочок идеябызга үндөшөт.

Австрия, Германия, Дания, Швеция, Испания, Нидерландия, Норвегия жаңы Палестин өкмөтү менен анын Жакынкы Чыгышта жүргүзгөн саясатына карап алака күтмөк болууда. Россия да ушундай көз карашта.
Бирок, Франциянын премьер-министри Доминик де Вилпен ХАМАСтын жеңишине тынчсызданса, Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони кырдаалды “өтө начар” деп мүнөздөдү. Ал эми Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин айтымында, ХАМАС демократияны же калабаны тандап алыш керек.

XS
SM
MD
LG