Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

«Кыргыз туусу» гезитинин жамааты Б. Орунбековдун баш редактор кызматынан негизсиз бошотулганына нааразы


БИШКЕК. Март ыңкылабынан бери аталган гезиттин баш редактору болуп келген Бакыт Орунбеков бүгүн эртең менен өкмөттүн аппарат башчысы өзүнө чакырып, кызматтан бошогону тууралуу буйрукту көрсөткөнүн билдирди. Бирок анын себептери айтылган эмес. Бакыт Орунбековдун айтымында, өкмөт башчыны сындаган макалаларды жарыкка чыгарганы үчүн буга чейин эки-үч жолу ага өкмөт аппараты тарабынан эскертүүлөр болгон.

Мындай чечимге нааразы болгон гезит жамааты бул орунга дайындалган Жедигер Саалаевди кабыл албастыгын, эгер андай болсо иш таштоого барышаарын айтышууда. Түшкө жуук гезит редакциясына президент алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, укук коргоочу Азиза Абдрасулова барышып, жамааттын ой-пикирин угушту. Натыйжада жамааттын жети өкүлүн Турсунбек Акун баштап, өкмөт башчы Феликс Кулов менен жолугушуу чечимине келишти. Алар Бакыт Орунбековду кызматтан алуу чечимин токтотуу боюнча өкмөт жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG