Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

«КЫРГЫЗ ТУУСУ» ГЕЗИТИНИН ЭМГЕК ЖАМААТЫ ОРУНБЕКОВДУ ОРДУНДА КАЛТЫРУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


«Кыргыз туусу» гезитинин эмгек жамааты Бакыт Орунбековду баш редактор кызматынан алуу жөнүндө премьер-министрдин чечимине каршы чыгышты. Алардын ишениминде «Кыргыз туусу» газетасында премьер-министр жөнүндө сын материалдар жарыяланып кеткени үчүн Б. Орунбеков куугунтукталууда.

Март ыңкылабынан бери аталган гезиттин баш редактору болуп келген Бакыт Орунбеков бүгүн эртең менен өкмөттүн аппарат башчысы өзүнө чакырып, кызматтан бошогону тууралуу буйрукту көрсөткөнүн билдирди. Бирок, анын себептери айтылган эмес. Бакыт Орунбековдун айтымында, өкмөт башчыны сындаган макалаларды жарыкка чыгарганы үчүн буга чейин эки-үч жолу ага өкмөт аппараты тарабынан эскертүүлөр болгон.
Мындай чечимге нааразы болгон гезит жамааты бул орунга дайындалган Жедигер Саалаевди кабыл албастыгын, эгер андай болсо иш таштоого барышаарын эскертишти. Түшкө жуук гезит редакциясына президент алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, укук коргоочу Азиза Абдрасулова келишип, жамааттын ой-пикирин угушту. Натыйжада, жамааттын жети өкүлүн Турсунбек Акун баштап, өкмөт башчы Феликс Кулов менен жолугушуу чечимине келишти. Алар Бакыт Орунбековду кызматтан алуу боюнча буйрукту жокко чыгарууну суранышмакчы.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG