Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Кыргыз- өзбек чек арасында атышуу болду


БИШКЕК. 26-январда кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызмат алдындагы чек ара аскерлеринин маалымат кызматынан кабарлашты. Подполковник Үсөн Полотов билдиргенге караганда, Кыргызстандын аймагына өтүп алган эки мылтыкчан адам чек арачыларга озунуп ок чыгарган:

- Кыргызстан аймагында мылтык көтөрүп жүргөн эки адамды көрүшөт. Чек арачылардын аларды токтотуу аракетине алар ок чыгарып жооп беришкен. Алар эки жолу ок чыгаргандан кийин чек арачылар алты жолу ок атышкан. Алар качып отуруп болжол менен Өзбекстан аймагына кирип кетишкен,- дейт Үсөн Полотов.

Анын айтымында, бирөөсү мылтыгын таштай качкан. Андан кийин дагы куралчан алты адамды көрүп, кармоо аракетин жасашканда алар да Өзбекстандын аймагына кире качышкан. Учурда бардык тиешелүү материалдар топтолуп тиешелүү органдарга берилди. Буларга чек араны бузуп өткөн жана чек арачыларга ок чыгарган деген эки айып менен кылмыш иши козголот.

XS
SM
MD
LG