Израил - террористтик уюм деп санаган “Хамастын” өкүлдөрү кирген өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүргүзбөй турганын билдирди. Бейшембиде Израилдик оппозициячыл “Ликуд” партиясынын лидери Беньямин Нетаньяху Палестиндагы шайлоонун жыйынтыгы жаатташып келаткан эки элдин келечегине коркунуч келтирет деп белгиледи.
-Израил менен Палестинадагы тынчтык, эки элдин жана балдарыбыздын келечеги үчүн Хамасты токтотуу зарыл. Израил бекем чек араларга муктаж, палестин эли террорчул саясатын токтотуп, Израилди жок кылуу максатынан баш тартышы керек. Алар ошенткенде гана чөлкөмдө тынчтык орнойт. Антпесе, биз өзүбүздү коргоого даярбыз.
“Хамасты” террористтик уюм катары караган АКШ жана Европа Биримдиги да өз тынчсызданууларын айтууда.
Британиянын премьери Тони Блэр: “Биз, албетте, палестин эли өз ниетин билдиргендиктен, “Хамастын” мандатын тааныйбыз. Бирок, менимче, Хамас уюму азыр жакшылап ойлонуп туруп, демократия, же кол салуулар жолунун кайсынысын тандаганын ачык-айкын айгинелеши зарыл”, - деп билдирди.
АКШ президенти Жорж Буштун бейшембиде айткандары Лондондун пикирине үндөш угулду.
- Мен өз программасына башка өлкөнү кыйратып жок кылууну максат кылган уюм канткенде тынчтык сүйлөшүүлөрүндө өнөктөш боло алаарын элестете албайм.
АКШ жана Европалык жетекчилер ошентип, “Хамас” болочок палестин өкмөтүн түзүүгө катышаардан мурун Израилди жок кылуу максатынан баш тартканын жарыялашы керек деген пикирде. Байкоочулар “Хамас” уюму бул шартты аткарбаса, Батыш мамлекеттери болочок палестин өкмөтү менен байланыштарын үзүп коюшу ыктымал дешет.
“Хамас” уюмунун азырынча Батыштык лидерлердин билдирүүлөрүнөн улам катуу санааркап турганы байкалбайт. “Ройтерс” агенттиги бейшембиде жарыялаган интервьюсунда палестиндердин согушчул уюмунун лидери Махмуд аз-Захар хамасчылардын пикирин төмөндөгүдөй маалымдады:
- Биз азырынча эч ким менен бетме-бет отуруп сүйлөшөлү деген жокпуз. Бирок кимдир бирөө биз тарапка кулак салып, биздин көз карашыбызды, досторубуз ким экенин түшүнгүсү келсе, алар менен жолугуп талкуулашканга даярбыз.
Шайлоодон бери Палестинанын президенти Махмуд Аббас жаңы өкмөт далай кыйынчылыктарга туш болот деп гана комментарийледи.
- Жаңы өкмөттүн алдында дүйнө коомчулугунун ишеничине ээ болуу, оккупацияга каршы туруу, эржүрөк туткундарды камактан бошотуу, борбору Иерусалим болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин орнотуу өңдүү абдан татаал иштер бар, - деп белгиледи президент Аббас.