Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

ВЯЧЕСЛАВ ХАН - ИСМАНКУЛОВГО АЛЫСКЫ ТАЯКЕ


Султан Калназаров, Бишкек Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хан парламент тарабынан ага карата айтылган дооматтарды төгүнгө чыгарды. Хандын айтымында ал Кыргызстандан башка бир да өлкөнүн атуулу болгон эмес. Вячеслав Хан ошондой эле Коопсуздук кенешинин катчысы Мирослав Ниязовду парламент кысымга албасын үчүн кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазып тапшыргандыгын бүгүн Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында жарыя кылды.

Вячеслав Хан парламент депутаттары тарабынан ага коюлган дооматтарды негизсиз деп четке какты.
-“Мен Кыргызстандын атуулумун, башка мамлекеттин атуулу болгон эмесмин”,- деп билдирди ал.

Бейшембиде парламент депутаттары Вячеслав Ханды кызматынан алуу жөнүндө Президентке сунуш кылган чечим кабыл алышкан. Бир катар депутататтар аны бир эле учурда Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын атуулу болуп жүрөт деп айыпташкан. Депутат Темир Сариев Хандын мыйзам бузуп жүргөнүн айныксыз далилдеген маалыматтар колунда турганын билдирген.

Вячеслв Хан депутат Сариевдин дооматтарын түшүнбөй турганын белгиледи. “Эгер депутат Сариевдин кандайдыр бир шектенүүлөрү болсо, анда расмий каналдар аркылуу мен жөнүндө маалыматты талап кылса болмок”,- дейт Хан.-“Казакстан жана Орусияга кайрылса болмок, бирок Темир Сариев эмнегедир андай кылбай жатат.

Хан Россия жана Казакстандын элчиликтерине анын атуулдугу жөнүндө тактап маалымат сураган өтүнүч кат жиберген. Россиядан Хан бул өлкөнүн атуулу эмес деген жооп келген.

Ханга коюлуп жаткан дагы бир доомат – анын курал жана банги зат менен он күн мурда кармалган коопсуздук кызматынын кызматкери Алдаяр Исманкуловго тууган чыгып жатканында. Бир катар депутатттар тууган адамдар бири-биринин кылмышын жаап жашырып, калкалап атышы ыктымал деп шектенишүүдө.

Вячеслав Хан ага Алдаяр Исманкулов алыскы жээн тууган экенин ырастады. Көрсө, Алдаяр Исманкулов мурда Ким аттуу фамилияны алып жүргөн, 1996-жылы ага каршы кылмыш иши да козголгону да чын экен. Бирок, Хан алыскы жээни менен алака-катыш мамилеси болгон эмес. Ошол себептүү Кимдин Исманкулов фамилиясына көчкөнүн жакында эле билген.

Вячеслав Хан ага карата коюлуп жаткан айыптар жалган экенин белгилөөдөн кийин Коопсуздук кенешинин катчысы Мирослав Ниязовко парламент тарабынан кысым болбошу үчүн кызматынан кетүү жөнүндө Президентке арыз бергенин билдирди. “Мен жумуштан кетүү жөнүндө арызымды жазып Мирослав Ниязовко бердим, мен жумуштан кетүүгө даярмын, бирок кеп менде эмес”,- деди В. Хан.

XS
SM
MD
LG