Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

ЖУСУПЖАН ЖЭЭНБЕКОВ ТАЛАСКА ГУБЕРНАТОР БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ


Президенттин жаңы жарлыгына ылайык губернатордун милдетин убактылуу аткарган Жусупжан Жээнбеков ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас облусунун губернаторлугуна дайындалды. Жарлыкты бүгүн Жалалабатта жергиликтүү бийлик жана коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушкан вице премьер-министр Адахан Мадумаров жарыя кылды. Жалалабат облусунун коомчулугу күткөндөй 28-январда президент Курманбек Бакиев аба ырайынын шартына жана Бишкек-Ош аэробекеттеринин жабыктыгына байланыштуу Жалалабатка келе алган жок.

Облбийликтин жыйындар залына мекеме уюмдардын, жергиликтүү бийликтердин башчылары менен коомчулуктун өкүлдөрү мурда даярдалган атайын тизме менен киргизилди. Президенттин келерин күткөн сырттагы 700дөн ашык адамга жыйындын жүрүшү күчөткүч аркылуу уктурулду. Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров окуган жаңы Жарлыкты залдагылар кол чабуулар менен кабыл алышты. Ал 15 жылда болбогон ишти бир жылда аткаруу мүмкүн эместигин, ыңкылаптын түшүмүн көрүү үчүн убакыт зарылдыгын белгиледи.

Базаркоргондук Төрөкул Сатиев өткөн аптадагыдай ката кетирбей кадрларды өздөрүнүн макулдугу боюнча которууну сунуш кылды:

- Эгерде губернатор, акимдер бир жака которула турган болсо чакырып туруп макулдашып сүйлөшсө элдер убара болбойт эле.

Адам укугун коргоочу Абды Кадырбеков Жусупжан Жээнбековго март айына дейре облуста иштөөсүнө мүмкүндүк берүүнү өтүндү:

- Кетмен чапса дагы, үй шыпырса дагы Жалалабаттын өзүндө калсын.

Талас облусуна которулуп жаткан Жусупжан Жээнбеков азыркы бийликтин жоокери экендигине токтолуп, президент кайда жиберсе ошол кызматта иштөөгө даяр экендигин айтты. Ал дайым элдин кереги үчүн кызмат кыларын билдирип, залдагыларды бөлүнүп-жарылууну, кадрларды негизсиз каралоону токтотууга чакырды:

- Башка облуска барайын, үйрөнөйүн ошол элден дагы. Кайда болбоюн кыргыз элинин ынтымакчылыгына, биримдигине болгон күч аракетимди жумшаймын. Эми элдик бийликке келгенден кийин мен солдатмын. Автоматты алып чегарага тур десе да турамын. Курманбек Салиевичтин буйругу эч качан талкууга жатпайт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG