Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

ОРУСИЯДА ЖООКЕРДИН ҮЙБҮЛӨСҮ КОРГОО МИНИСТРИН СОТКО БЕРМЕК БОЛДУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда бул күндөрү Челябинде катардагы жоокер Андрей Сычевди эси ооганга дейре сабашкан жоокерлердин кылмыштуу ишин изилдөө уланып атат. Челябиндик согуштук окуу жайынын башчысы генерал Виктор Сидоров кызматынан гана четтетилбей Куралдуу күчтөр катарынан да бошотулган. Андай көргөзмө өлкөнүн коргоо министри тарабынан берилген. Генералдын артынан катардагы жоокер Сычев аскер кызматын өтөгөн батальон командири да кызматынан бошотулган.

Орусия армиясында аскерге жаңы алынгандар үстүнөн такшалып калган аскерлер зомбулугу жыл өткөн сайын күчөп барат дешет. «Дедов» деп коом атап алган ошол көрүнүштү ооздуктоо эч натыйжа бербей атканын айтышат. Анын бир мисалы катары - коомчулук көөнүн катуу бурдурткан - 1 январда Челябиндеги танке айдагычты окутуу жайында болгон окуяны аташат. Андрей Сычев деген жоокер 30-декабрде Свердлов обулусунан которулуп келет. Жаңы жылды белгилеп мас болуп алган окуу жайдын «деддери» Сычевду жерге тизелетип олтургузуп алып үч саат бою тепкилешкен. Ордунан тура албай калган жоокерди 4-январда гана доктурга көргөзүшкөн. Ошондо жоокердин чирий баштаган эки аягы менен жан жерин доктурлар кесип таштоого аргасыз болушкан.

Мындай окуянын көбү жабылуу бойдон кала берүүчү экен, бирок бул жолу уланга боору ооруган санитарка «Аскер энелер комитетине» телефон чалып билдирип салыптыр. Баса, Челябиндеги согуштук окуу жайында окуяны 26-январда министр Иванов журналисттерден биринчи угуп атканын айткан. Арадан бир күн өткөндөн кийин ошол эле министр пикири башкача чыккан:

«Биздин өзүбүздүн офицерлер менен генералдарга биринчи суроо:эмне себептен бул окуя тууралуу 25 күнгө дейре эч нерсе маалымдалган жок? Изилдөө ишинин жүрүшү боюнча айтсак, офицерлерди кошуп эсептегенде 7 киши кармалганы мага маалим», - деген болуучу Орусиянын коргоо министри.

Агенттиктер жазышканга караганда коргоо министринин буйругу менен Челябиндеги танке окуу жайынын жетекчиси генерал Виктор Сидоров кызматынан алынган. Ошондон тарта текшерүү артынан текшерүү жүрүп атат. Буга бир себеп бөйдө жерден майып болгон Сычев тагдырына коомчулук жаалынын катуу келиши түрткү болууда дешет. Ишeмби күнү маскөөлүк тургундар бийликтен уруксатсыз көчөгө чыгуусу болду. Алар министр Ивановдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Митингге катышкандардын бири мындай деди:

«Урматтуу Сергей Иванов! Сиздин армия аскерге өз каалоосу менен барган бечара уландын эки бутун кесип таштады! Ушул окуядан соң отставкага сиз дароо кетишиңиз керек!»,- деп айты өзүн Дмитриймин деген жигит. Митинггде тургандар болсо Ивановду кеткин деп кыйкырып турушту:

Аскердик башкы прокурор Александр Савенков иликтөө ишин өзү жетектөөдө. Өлкө куралдуу күчтөр жогорку жетекчилер бири Алексей Маслов өз тобу менен окуу жайынын ишин жапырт текшерүүгө киришти. Мамдумада бул окуя боюнча кеп козголуп атат. «Аскер энелери комитети» менен «Яблоко» биргелешкен билдирүү таркатты. Басылмалар «Орусиялык армия түрмөнүн мыйзамы менен жашаганын кое элек», - деп сындашууда. Маселен, «Новые известия» жазганга караганда «Мындан беш он жыл мурда уландар Чеченстанда согушка баргандан коркушса азыр «дедалар» кордугунан коркуп армиядан баш тартып атышат. А Орусия коргоо министри болсо, бери дегенде, 80 пайыз бөлүктөрдө эч кандай «дедалар» жок деп бизди жанынан жуутпайт», - деп жазат.

Челябин калаадагы №3 ооруканада өмүр бою майыптыкты башынан өткөрөр жоокер Сычев, доктурлар маалымдаганга караганда, дагы эле жакшы боло элек.

Тургундардын уруксатсыз көчөгө чыгуусу ишемби күнү Екатеринбург калаада да болгон. Биздин кабарчы Дария Здравомыслова билдиргенге караганда - милиция үч кишини кармап кеткенге карабай - аскерий прокуратура алдында өткөн митингде Сычевдун бир тууган эжеси сөз сүйлөп: «Биздин бүлө бул кайгылуу окуяга күнөөлүүлөр менен араздашабыз, сотко беребиз. Андай күнөөлүүлөр бири – Орусиянын коргоо министри», - деген.

XS
SM
MD
LG