Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ БЕЛАРУС ОППОЗИЦИЯСЫНЫН ЛИДЕРИН КАБЫЛ АЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 30-январда Брюссел шаарында Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Министрлер Палестинадагы парламенттик шайлоодо ХАМАС уюмунун жеңип чыкканын, Беларуста жакында өтө турган президенттик шайлоо жана Ирак, Иран, Ооганстандагы абалды талкуулады.

25-январда Палестинада өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо ХАМАСтын жеңип чыкканы эл аралык уюмдар жана дүйнө мамлекеттеринин жетекчилери тарабынан кызуу талкууланууда. Уюмдун уставында Израил мамлекети жок кылынууга тийиш деп жазылгандыктан, дүйнө жетекчилери ХАМАСтан азыр - өз саясатын өзгөртүп, куралдуу күрөштөн баш тартууну талап кылууда, жөөт өкмөтү ХАМАС менен мамиле түзбөй жана ага жардам көрсөтпөй турганын билдирди. АКШ менен Европа Биримдиги болсо ХАМАСты мурда террордук уюм деп тааныган.

Анткен менен Европа Биримдигинин жетекчилигинин айтымында, Биримдик Палестинага жардам көрсөтүүсүн улантат, анткени ХАМАСтын террордук уюмдар тизмесине киргизилгени укуктук эмес, саясий кадам болгон.

Бирок Брюсселде Биримдикке кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны 30-январда башталаар алдында Британия министри Жек Стро ХАМАСка бир нече шарт койду: "Демократия менен күч колдонуу бир-бирине айкалышпайт, ошондуктан биз ХАМАСтан - куралдуу күрөштөн ал баш тартаарын күтөбүз. Андан тышкары ХАМАС Бириккен Улуттардын чечимин сыйлап, региондо эки мамлекет - Палестина менен Израил болушун тааныш керек жана жөөт өкмөтү менен кызматташууга тийиш", - деди Стро 30-январда.

Андан тышкары Брюсселдеги жыйында Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе да талкууланды. Министрлер аны өз алдынча талкууласа, ошол эле күнү Брюсселде Алмания, Британия жана Франциянын өкүлдөрү менен ирандык дипломаттар ортосунда дагы атайын жыйын өткөрүлдү. Анын алдында Тегеран атайын билдирүү таратып, Иранга керектүү уранды байытуу иштерин Орусиянын аймагындагы ишканаларда жүргүзүүгө ал кызыкдар экенин жарыялады.

Ал жыйын менен кошо 30-январда Лондон шаарында Иран маселеси боюнча үчүнчү да жыйын өткөрүлүүдө, ага Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Алманиянын өкүлдөрү катышты. Андан тышкары Лондондо Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө тынчтык орнотуу маселеси боюнча жумушчу тобунун да жыйыны өттү, ал топко Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана АКШ менен Орусия мүчө. Палестинадагы шайлоодо ХАМАСтын жеңишке жеткенинен чыккан маселелер талкууланды.

Европа Биримдигинин министрлеринин Брюсселдеги жыйынында андан тышкары Беларус, Ооганстан жана Ирактагы абалды дагы караштырды. Беларуста 19-мартта президенттик шайлоо өткөрүлөт жана европалык мамлекеттер анын алдындагы абал тууралуу өтө тынчсызданууда. Европа комиссиясынын басма сөз катчысы Эмма Удвиндини айтымында, Беларус жетекчилигине каршы бир топ жаңы чектөө да киргизилиши мүмкүн: "Демократия, саясий эркиндиктер жана адам укуктары менен байланыштуу Беларустагы абал боюнча биз өтө тынчсыздануудабыз. Биз шайлоо өнөктүгү менен добуш берүүнүн өзүнө тыкан байкоо жүргүзөбүз жана эгер эл аралык стандарддар сакталбаса, Беларуска каршы дагы жаңы чектөөлөр киргизилиши мүмкүн", - дейт Удвин айым жыйын алдында.

Андай пикирди жыйын учурунда Биримдиктин тышкы маселелер боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер дагы билдирди. Беларуска каршы чаралар мурда деле жарыяланган, мисал үчүн анын жогорку жетекчилери азыр европалык мамлекеттерде кабыл алынбайт. Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы болсо 26-январда дүйнө коомчулугуна кайрылып, президент Александр Лукашенко менен эч кандай мамиле түзбөөгө чакырды. Аны менен катар Беларус оппозициясынын жетекчиси Александр Милинкевич 30-январда Брюссел шаарында Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу, Биримдиктин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавье Солана менен жолукту жана министрлердин жыйынына да катышты.

XS
SM
MD
LG